Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:42

Германияда жети жарым миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар


БИШКЕК. Учурда Германияда жети жарым минден ашуун кыргызстандык эмгек мигранттары бар. Алар негизинен үй кызматтарында жана курулуштарда эмгектенишет. Арасында билим берүү тармагында иштегендери да бар. Бул тууралуу аталган өлкөдө иш сапары менен болуп келген Жогорку Кеңештин депутаты, миграция боюнча комиссия төрагасы Кубанычбек Исабеков 17-августта өткөн маалымат жыйынында билдирди. Сапар учурунда Бундестагдын депутаттары, Германиянын экономикалык өнүгүү жана эмгек министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушуулар болуп, анда кыргыз атуулдарына жумуш орундарын берүү, учурда Германияда иштеп жаткан кыргызстандыктарды укуктук жактан коргоо, өлкөнүн окуу жайларында кыргыз жаштарынын билим алуусу үчүн орун ажыратуу сыяктуу маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG