Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

Каракече көмүр кениндеги чатак аяктай элек


БИШКЕК. «Жоомарт» элдик-патриоттук кыймылынын төрагасы жана «Акулак» көмүр кенинин жетекчиси Нурлан Мотуевдин тарапкерлери «Каракече» көмүр кенинин жолун тосуп, ишин тоскоолдукка учуратып жатат. Көмүр кениндеги төрт акционердик коомдун жетекчилери 17-августта ушундай билдирүү менен чыгышты. «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Көмүр» мамлекеттик ишкананын жетекчиси Картамбек Мукамбетовдун билдиргенине караганда, «Шарбон», «Акжол», «Беш сары» жана «Демилге» ишканалары 6-июндан бери иштебей турат. «Акулак» мамлекеттик акционердик коомунун төрагасы Орозбек Дүйшеевдин айтымында, Мотуев тарабынан жасалган тоскоолдуктар 40 миллион сомго жетти. Ал эми ишкананын мурдагы башчысы Тилек Сабыров өзүн кызматтан мыйзамсыз алынып, ордуна Мотуев мыйзамсыз коюлду деп эсептеди.
«Акулак» компаниясына Нурлан Мотуев «Көмүр» мамлекеттик ишкана жетекчисинин буйругу менен дайындалган. Анын тарапкерлери калган ишканалардан согуш ардагерлерин көмүр менен жабдуу, жолдун ремонтуна каражат бөлүү, жергиликтүү калкка көмүрдү өз баасында сатуу өңдүү талаптарды коюп жатышат.

XS
SM
MD
LG