Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:05

Кыргыз өкмөтү урук-туугандар чогуу иштеген ишканалардын тизмесин бекитти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү урук-туугандары чогуу иштегенге уруксат берилген мамлекеттик мекемелердин тизмесин атайын токтом менен бекитти. Башкача айтканда, туугандардын чогуу иштешине айыл чарба ишканаларында, айыл чарбасы боюнча илим-изилдөөчү уюмдарда, темир жол, транспорт, байланыш тармактарында, жол, курулуш, көл, балык чарбачылыгында, дарылоочу, саламаттык сактоо, санитрадык-профилактикалык мекемелерде уруксат берилет. Бирок бул мекемелерде туугандардын бир учурда башкы бухгалтер, кассир болуп иштешине жол берилбейт. Токтомго ылайык, туугандар ошондой эле тарбия, билим берүүчү, илимдер академиясынын илимий мекемелеринде, гидрометереокызмат тармактарында, геологиялык экспедицияларда, айыл, суу чарба ишканаларында чогуу иштей алышат. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлаганына караганда, өкмөт бул токтомду Эмгек кодексинин 68-беренесин ишке ашыруу максатында чыгарды.

XS
SM
MD
LG