Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:01

Үй куруучулар жер проблемасын мыйзам жолу менен чечүүнү жакташат


БИШКЕК. Азыркы өкмөт жер проблемасын үй куруучулар менен биргелешип чечиши зарыл. Мындай пикирин 17-августта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Жарандык коом коррупцияга каршы» жарандык борборунун директору Төлөкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, үй куруучулар проблеманы мыйзам жолунда чечүүгө, башкача айтканда «Социалдык өнөктөштүк тууралуу» жаңы мыйзамдын иштелип чыгышына кызыкдар. Бул демилге бир күн мурда жарандык коомдун 40 лидеринин катышуусунда өткөн семинарда көтөрүлгөн. Жер алуучулардын лидерлери ошондой эле өкмөттүк деңгээлде жаңы структура зарыл деп эсептеп жатышат. Ал эми жер проблемасын чечүү боюнча март ыңкылабынан кийин түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын төрага орун басары Жыпар Жекшеевдин айтымында, азыр жер пайдалуу бизнеске айланды. Алардын артында жергиликтүү бийлик башчыларынан таасирдүү мамлекеттик кызматкерлерге чейин турушат. Курманбек Бакиев мурдараак «Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам жерди мыйзамсыз басып алгандарды кылмыш жообуна тартуу жагын карайт.

XS
SM
MD
LG