Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Эл аралык валюта корунун миссиясы расмий бийлик менен жолугушууда


БИШКЕК. 17-августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен Эл аралык валюта корунун миссия башчысы Тапио Саавалайнен жолугушуп, кызматташтыктын мындан аркы багыттарын талкуулашты. Тараптар бир катар принципиалдуу маселелер боюнча макулдашуулар болоруна ишенимин билдиришти. Саавалайнен өз сөзүндө март ыңкылабы өлкөнүн экономикасына олуттуу доо кетирбегенине жылуу пикирде экенин билдирди. Саавалайнендин билдиргенине караганда, миссия Эл аралык валюта корунун программасындагы шарттардын аткарылышын көзөмөлдөө жана 2006-жылдын бюджетин түзүүгө каржы министрлигине көмөктөшүү максатында келди. 16-августта каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров миссиянын катышуусунда жакырчылыктан чыгуу жана экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү боюнча валюта корунун экинчи программасынын аткарылышы боюнча маалымат берген. Валюта корунун миссиясы Кыргызстанда 30-августка чейин болот.

XS
SM
MD
LG