Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:27

АФРИКА: АЧАРЧЫЛЫКТЫ ЖАЛПЫЛАП ЖЕҢҮҮ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЖОК ЭМЕС


Азык-түлүк саясатын иликтеген эл аралык институт Африкадагы ачарчылыкты жоюуга багытталган иш-аракеттердин мажирөө жүрүп жатышы үчүн континенттеги өлкөлөрдүн бир катарынын өкмөттүк саясаты да себепкер болууда деп санайт. Өнүккөн өлкөлөрдүн айыл чарба саясаты да африкалыктардын турмушуна кедергисин тийгизүүдө. Эгерде акыбал өзгөрбөй турган болсо, анда 2025-жылга карата миллиондогон африкалык балдар ачарчылыктын зардабынан чыга албай кала бериши ыктымал, деп алиги институттун адистери эскертишет.

Азык-түлүк саясатын иликтеген эл аралык институттун жаңы баяндамасына караганда, азыктын тартыштыгынан улам жабыр тартып жаткан ымыркайлар менен жеткинчектердин саны жыйырма жылда 38 миллионго жетиши ыктымал.

Бирок өнүккөн өлкөлөр жана африкалык мамлекеттер учурдагы саясатты өзгөртүп, билим берүү, саламаттыкты сактоо, таза суу менен камсыз кылуу жана айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн көбүрөөк каражатты жумшай баштаса, анда акыбал дурус жагына өзгөрүшү да мүмкүн.

Өнүккөн өлкөлөр жасалма мыйзамдык жолдор аркылуу өз дыйкандарын коргоосунан баш тартып, африкалык дыйкандар өндүргөн түшүмдү импорттоого тең мамиле жасай баштаса, бул континентте да өнүгүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлө бермекчи.

Аталган иликтөө институтунун өкүлү, соңку баяндаманын авторлорунун бири Марк Роузгрант (Mark Rosegrant) «Азаттык» үчүн мындай деп кеп курду:

- Биз баяндамада мындай жагдайды да келтиребиз – Африка өлкөлөрүнүн саясатында жана инвестициялык артыкчылык берүү жаатында олуттуу өзгөрүүлөр болгону чындыкка жакын. Ошону менен бирге континент ачарчылыкка учураган балдардын санын, - Бириккен Улуттар Уюмунун Миң жылдык өнүгүү мерчемдеринде алдын-ала белгиленгендей, - 2015-жылга карата жарым-жартылай кыскартууга жетише алчудай.

Ал эми азыркы саясат өзгөрбөй турган болчу болсо, анда Африкадагы мектеп жашына чейинки 40 миллиондой бала ачарчылыктын торунан чыга албай, акыры тиричиликтин запкысынан улам бул дүйнө менен эртерээк коштошоор учурга кириптер боло бермекчи.

1970-жылдары Африкада 88 миллиондой киши ачарчылыктын азабын тарткан. Азыр болсо алардын саны – 200 миллиондон ашты. Бул – бүтүндөй Орусиянын калк санынан алда канча көп.

Келээрки айдын – сентябрдын 14-16ларында Бириккен Улуттардын Нью-Йорктогу ордосунда 191 өлкөнүн мамлекет башчыларынын саммити өткөрүлмөкчү. Анда талкуу кылына турган орчун маселелердин бири - Африкадагы кырдаал.

Марк Роузгрант мырза алдыдагы саммит үчүн үмүт чоң экенин мындайча белгилейт:

- Менимче, эгерде азыркы тенденция өзгөрүүсүз кала берсе, анда Африка өлкөлөрү мүдөө кылынган мерчемге жете албай турганын бул саммит айкындатмакчы. Мындагы маселени айтсак, саммитте Африка үчүн талап кылынган капиталдык салымдарды чындап киргизүү жана тийешелүү саясаттык багыттарды өзгөртүү тууралуу убадалар берилмекчи. Дал ушундай кадамдар жасалат ко деп үмүттөнөм. Демек, жыйын маалында Африка жаатында биз туура нукка түшө электигибиз аңдалып, туура нукка багыт алуубуз үчүн саясий чечимдер топтому кабыл алынууга тийиш.

Азык-түлүк саясатын иликтеген эл аралык институт айыл чарба жана соода тармагын чукул реформалоо, өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө капиталдык салымдарды көбөйтүү, айыл чарбасында аялдардын чоң ролу бар экендигин таанып, аларга колдоо көрсөтүү сыяктуу комплекстүү чараларды дүйнө коомчулугуна сунуш кылууда.
XS
SM
MD
LG