Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:12

ГАЗАДАГЫ ЖӨӨТТӨР КҮЧ МЕНЕН ЧЫГАРЫЛУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Израил 1967-жылы Жакынкы Чыгыш согушунан кийин ээлеп алган Газа тилкесинен чыгып жатат. Бул жараян жалпысынан тынч эле, башкача айтканда, палестиналык согушчул “Хамас” тобунун кийлигишүүсүз, өтүп жатканы менен, ал аймактардагы тургундардын арасында кетүүдөн баш тартып жаткандар көп. Израил Газадан кеткенден кийин, Палестина менен Израилдин мамилелеринде кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?

Негизи, Газадан кетүү боюнча документтерде айтылгандай, бул жараян үч жума ичинде толугу менен аякташы керек. Бирок Израил Газанын чек арасы менен портторунда ишмердүүлүктү токтотуп, чыгып кетиши да бир канча узагыраак убакытты талап кылышы мүмкүн.

Жакынкы Чыгыш боюнча Бруукин Сабан изилдөө борборунун аналитиги, түбү теги палестиналык Шиблей Телмахинин айтымында, палестин лидери Махмуд Аббас негизги саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр менен беттешип турган чагы.

Телмахинин ишениминде, Газа келечекте Израил менен баары бир тыгыз экономикалык байланышты түзүүгө мажбур болот. Газанын экономикасы өтө жакыр абалда жана кубатсыз коопсуздук күчтөрү өздөрүнүн иштерин эми “Хамаска” калтырып кетип жатышат.

Телмахинин айтымында, эми “Хамас” Израил Газанын чек арасын толук жаап салышына жол бербеши керек. Региондо көпкө чейин айтылып келген убадалардын аткарылбаганынан көңүлү калган палестиналыктар эми палестин бийлигинен тезинен экономикалык проблемаларды чечип, саясий жагдайды калыбына келтиришин күтөт.

- Палестин бийлиги бул жерде өкмөткө айланууга анча деле аракет көргөн жок. Ал жөн гана буга чейин Осло келишиминде көрсөтүлгөнгө ылайык, көбүрөөк автономияга ээ болот. Осло келишиминде айтылгандардын негизинде, Израил аймактан толугу менен кетиши керек. Эгерде бийлик суверендүү болбосо, анын мыйзамдуу статусу кандай болоору түшүнүксүз. Израил дүйнөгө чыгуу жолун баары бир көзөмөлгө кармап тура берсе, оккупация толук бүттү деп айта албайбыз. Анткени бул региондун экономикалык жана саясий климатын бир топ татаалдаштырат.

Ал эми аталган изидөө борборунун директору, Кошмо Штаттардын Израилдеги мурдагы элчиси Мартин Индик болсо Махмуд Аббас Газа боюнча маселеде этияттыкты сактоо максатында чечимди кабыл алуудагы негизги ишке “Хамасты” да кошууга мажбур болду дейт.

Индиктин айтымында, дал ушул өзгөрүүлөр “Хамасты” тарыхый тандоонун алдында калтырды. Ал азыр же мурдагыдай эле согуштук аракеттерин уланта берсе да болот, же бар күчүн Газанын экономикасын көтөрүүгө жумшоо мүмкүнчүлүгүнө да ээ.

XS
SM
MD
LG