Линктер

шаршемби, 18-январь, 2017 Бишкек убактысы 20:17

Бишкек мэри шайланды


18-августта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда шаар башчысын шайлоо жүрдү. Шаар башчысынын милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков өз талапкерлигин алып салган соң, депутаттар атаандашсыз калган экинчи талапкер Арстанбек Ногоев үчүн добуш беришти. Натыйжада ал 37 добуш менен шаар башчылыгына шайланды. Депутаттардын үчөө ага каршы добуш беришкен.

Арстанбек Ногоев 2003-жылдан тарта Бишкек шаар башчысынын орун басары болуп келген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG