Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

АРСТАНБЕК НОГОЕВ – БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИ


18-августта Бишкек шаарынын мэрин шайлоо өттү. Шаар башчылыгына өлкө президенти тарабынан Аскар Салымбеков менен Арстанбек Ногоевдин талапкерлиги сунушталды. Буга чейин шаар башчысынын милдетин аткарып келген Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков шайлоо алдында өз талапкерлигин алып койгондуктан шайлоо атаандашсыз өтүп, вице-мэр Арстанбек Ногоев шаар башчылыгына шайланды. Аны шаардык кеңештин шайлоого катышкан 40 депутатынын 37си колдоду.

Мэрди шайлоо үчүн шаардык кеңештин сессиясына 44 депутаттын 40ы катышты. Шаар башчысын шайлоо боюнча жобонун негизинде мэрге талапкерлерди өлкөнүн президенти көрсөтүп, шаардык кеңештин сессиясына сунуштайт. Мэрди шаардык депутаттар 4 жылга шайлайт. Шаар башчысы эки мөөнөткө гана шайланууга укуктуу.

Президент Курманбек Бакиев сунуштаган талапкерлерди президенттик админстрация жетекчиси Үсөн Сыдыков жарыя кылды:

- Бишкек шаарынын мэрлигине учурдагы мэрдин милдетин аткаруучу Аскар Салымбеков менен вице-мэр Арстанбек Ногоевдун талапкерлигин өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев сиздерге сунуштады.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин депутаты Аскар Салымбеков 4 ай ичинде аткарган иш-аракеттери тууралуу айтып, мэрликке талапкер болуудан өз эрки менен баш тартаарын, Жогорку Кеңеште депутаттык милдетин аркалаарын билдирди:

- Өлкөнүн президенти Курманбек Бакиев менен макулдашып, ушундай чечимге келдим. Парламентте иштеп, өз шайлоочуларымдын ишенимин аркалайын дедим.

Шаар башчысына талапкер Арстанбек Ногоев өз программасын айтып, экономиканы көтөрүүгө, шаар калкынын социалдык маселелерин чечип берүүгө аракет кылаарын белгиледи:

- Эң негизги басым- экономиканы өнүктүрүүгө багытталат. Шаар калкынын турмуш- тиричилигин жакшыртууга, жумушсуздукту жоюууга аракет кылам.

Шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жүрүп, натыйжакда атаандашсыз калган Арстанбек Ногоев 37 добуш менен шаар башчысы болуп калды.

Бишкек шаардык кеңеш төрайымы Нуржамал Байболова айтымында, мэрдин милдетин аткаруучу Аскар Салымбековдун талапкерлигин алып салышы шаар депутаттары үчүн күтүүсүз болду:

- Президенттин буйругуна ылайык президенттин өкүлү Үсөн Сыдыков мэрликке талапкерлердин ысымдарын 18-августта жарыя кылды. Мэрди шайлоо жашыруун добуш берүү менен ачык- айкын, калыс өттү деп ишенем. Шаардык кеңештин депутаттарына эч кандай кысым болбой, ар ким өз көңүлү менен добуш беришти. Аскар Салымбековдун чечими биз үчүн күтүүсүз болду. Бир чети Жогорку Кеңештеги депутаттык ордуна барып, шайлоочуларын сыйлаганы туура.

Жаңы шайланган Бишкек мэри Арстанбек Ногоев 54 жашта, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдыбар айылында туулган. Бишкектеги политехникалык институтун бүтүргөн. Жалалабадда, Карабалтада жемиш комбинаттарында иштеген. Кайыңды эт комбинатында директор, партиянын Кемин райондук комитетинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Кочкор жана Кемин райондорунда аким болуп да кызмат өтөгөн. Акыркы эки жылдан бери Бишкек шаарынын вице- мэри кызматын аркалап келди.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Мухтарбек Өмүракунов жаңы шайланган мэрдин алдында көйгөйлүү маселелер арбын экенине токтолду:

- Бишкек шаары - Кыргыз мамлекетинин күзгүсү, жүзү болгондуктан улуттук өзгөчөлүктөрдү чагылдырып турса деймин. Жаңы шайланган мэр ушундай маселелерге, шаар тазалыгына, жашылдандырууга, өнөр жайын калыбына келтирүүгө аракет кылса деген тилегим бар.

Жаңы шайланган мэр Арстанбек Ногоев шаар калкы менен кеңешип иштеп, алар үчүн камкордук көрөөрүн билдирди.

Сүрөттө: Шайлоо учурунан бир көрүнүш
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG