Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:39

«Рентон групп», «Кыргызмунайзат» боюнча тергөө иштери сотко өткөрүлөт


БИШКЕК. «Рентон групп» ишканасынын башчысы Эдуард Пакка карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө жакынкы күндөрү Баш прокуратура тарабынан тешерилип бүтөт. Баш прокурор Азимбек Бекназаровдун айтымында, эгерде Эдуард Пак аманатчылардын акчасын үч айдын ичинде кайтарып бербей турган болсо, анын иши сотко өткөрүлүп берилет. Ошондой эле Баш прокурор «Кыргызмунайзат» ишканасынын жетекчиси Шалкар Жайсанбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши да үч айдын ичинде тергелип бүтөөрүн маалымдап, Башкы прокуратура буга чейин ачылган ири кылмыш иштеринин жыйынтыгы боюнча ноябрь айында парламентке жана коомчулукка маалымат берээрин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG