Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Аскар Акаев кол тийбестик укугунан ажырайбы?


БИШКЕК. Өлкөдөн качып кеткен мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн экс-президент деген ыйгарым укугунан ажыратылышы ыктымал. Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Аскар Акаевдин кол тийбестик укугун алып салууну өтүнүп, жакын арада Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдойт. Бул тууралуу Баш прокурор Азимбек Бекназаров «Азаттыктын» кабарчысына берген маегинде билдирди. Бекназаровдун айтымында, Аскар Акаевге бир катар кылмыш иштери козголду. Алардын арасында Аскар Акаевдин элге берген антын аткарбай 24-мартта өз өлкөсүн таштап качып кетиши, Аксы окуясында атуулдардын атылышы жана башка кылмыш иштери бар. Ошондой эле Башкы прокурор Аскар Акаевдин мезгилинде жогорку кызматтарда иштеген Жогорку Кеңештин бир-эки депутатын жоокерчиликке тартуу боюнча да парламентке кайрылуу даярдалгандыгын маалымдап, азырынча ал депутаттардын атын атабай тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG