Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:45

Абактагы өзбек бозгундарына байланыштуу сот алгачкы чечимди чыгарды


БИШКЕК. Адвокаттардын «Адилет» бейөкмөт уюмунун Кыргызстандан баш калка сурап келген өзбекстандык 15 адамдын төртөөнө байланыштуу жолдогон доо арызынын бир бөлүгүн Бишкектеги райондор аралык сот 18-августта канааттандырды. Бул тууралуу бейөкмөт уюмдун жетекчиси Чолпон Жакыпова маалымдады. Бейөкмөт уюмдун мындай доо арыз менен кайрылышына Кыргызстандын миграция департаментинин төрт адамга качкын макамын берүүдөн баш тартышы негиз берген. Ошондуктан, уюм төрт адамдын жагдайын жетиштүү иликтеген эмес деп эсептейт:

- Башкы прокуратура, өзбек тарап, миграция боюнча департамент сунуштаган документтерди кылдат карап чыгып, биз бул ишти алып барууда көптөгөн процессуалдык мыйзам бузуулар болгон деген тыянакка келдик. Ошондуктан, биз бул мыйзам бузууларды жоюу үчүн соттон чечимди жокко чыгарып, департаментке кайтарууну сурап жатабыз.

Чолпон Жакыпованын маалыматына караганда, райондор аралык сот төрт адамдын бирөөнө байланыштуу уюмдун доо арызын канааттандырды. Калганы боюнча иш келерки аптада улантылат. Ал эми департамент башчысы Зафар Хакимовдун айтымында, аталган төрт адамга макам берүүгө мыйзам жол бербейт, себеби, алар – кылмышкерлер. Департамент эми шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылмакчы.

XS
SM
MD
LG