Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:23

Ооганстандагы шайлоо эркин жана калыс өткөнгө толук шарт бар


Ооганстандын, Австралиянын жана АКШнын дипломаттары талибдердин акыркы кезде күч алып бараткан чабуулдары Ооган жеринде сентябрда болчу парламенттик жана жергиликтүү шайлоону токтотот деген кооптонуу негизсиз деп билдиришти. Канберрада ырасмий сапарда жүргөн Ооганстандын тышкы иштер министри Аблулла Абдулла: “18-сентябрадагы шайлоонун эркин жана адилет өтүшү үчүн ыңгайлуу шарт бар”,- деди кабарчылар менен өткөн кездешүүдө.
Бул пикирди Австралиянын тышкы иштер министри Александр Довнер да колдоду.

АКШнын Ооганстандагы жаңы элчиси Рональд Нейман өлкөдө шайлоонун тынч өтүүсүн камсыздоого жетерлик улуттук жана эл аралык күчтөр бар экенин билдирди.

Кандагар провинциясында бомбага кабылып америкалык эки аскер набыт болду. Дагы эки аскер жараат алышты. Бул жөнүндө АКШ аскерлери кабарлады.

XS
SM
MD
LG