Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Газадан жөөт тургундарын көчүрүп чыгуу өз мөөнөтүнөн эрте бүтөт


Израил премьер-министри Ариэль Шарондун жардамчысы Газа тилкесинде жашаган жөөттөрдү мажбурлап көчүрүү-мурда пландалгандан эрте-келерки шейшемби күнү аяктаарын билдирди. Раанан Гиссин мындай билдирүүнү бүгүн болгон өкмөттүн атайын жыйыныда жасады. План боюнча, Газада жана Батыш Иордандын төрт кыштагында жашаган 8, 5 миң чамалуу жөөт жараны үч жуманын ичинде көчүрүлүп бүтүш керек. Шаршембиге оогон түнү - берилген мөөнөт аяктагандан кийин үй-жайынан чыгып кетпеген жөөттөрдү армия күчтөп көчүрүүдө. Соңку маалыматка караганда, бүгүнгө карай Газадан жөөт тургундардын жарымынан көбү чыгарылган. Бүгүн түштөн кийин Израил аскерлери Газадагы эң чоң жөөт маалесиндеги ыбадатканы жөөт динаятчыларынан бошотушту.

XS
SM
MD
LG