Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:22

БАТЫШТА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛ ТАЛКУУЛАНДЫ


16-август күнү Вашингтондо жайгашкан “Шайлоо системасы үчүн эл аралык фонд” уюмунун демилгеси менен өткөн жыйында жаңы Кыргыз өкмөтү алдында турган проблемалар тууралуу кеп болду. Кыргызстандын шайлоо системасын реформалоо Америкалык бул уюмдун катышуусу менен жүргүзүлгөндүктөн, анын адистери Кыргызстандагы саясый-экономикалык проблемалар менен ичтен тааныш.

Вашингтондук уюмдун эксперттеринин айтымында, Курманбек Бакиев башындагы бийликтин алдында экономикалык проблемаларга катар бийлик институттарын реформалоо милдети турат. Уюмдун адиси Эрик Рудиншолд аталган проблемаларды жөндөө президент Бакиев менен парламент ортосундагы мамилеге көз каранды деген пикирде:

- Менин пикиримче, президент Бакиев үчүн эң башкы маселе - Конституцияны элдик референдум же парламенттин чечими аркылуу реформалоо. Себеби, алдыдагы көптөгөн проблемалардын ичинде азыркы парламентти реструкташтыруу, же парламентке 30 орунду партиялык тизме боюнча же шайлоо өткөрүп кошуу маселеси сөзсүз талкууланыш керек.

Бакиев өзү жана утурумдук өкмөт мүчөлөрү март ынкылабынан кийин өлкөдө стабилдүүлүктү сактоо үчүн парламенттик шайлоону өткөрүү жөнсүз деп табышкан. А парламентте азыр өкмөт таянчу депутаттар ким экенин ажырата билүү кыйын. Айтсак, Грузиядагы жана Украинадагы ыңкылаптардан кийин парламент өкмөтчүлдөрдүн колунда болчу.

“Шайлоо системасы үчүн эл аралык фонд” уюмунун Кыргызстандагы программасынын кызматкери Том Вуд ыңкылап чоң тополоңсуз бүткөнүн белгилөө менен, эл жакында өкмөттөн экономиканы көтөрүүнү талап кыла баштай турганына токтолду:

- Инфраструктуранын кыйрашы айыл элин дагы жакырлантты жана чала-чарпыт жүргүзүп жаткан жер реформасы экономикага чоң зыян келтирүүдө. Бакиевдин өкмөтүндө бул маселени чечүү мүмкүнчүлүгү өтө чектелүү.

Том Вуд элдин жаңы бийликтен үмүтү өтө чоң экенин, өкмөт мүчөлөрү ыңкылаптан кийин айтылган популисттик убадаларды аткаруу милдети турганын да кошумчалай кетти.

Мындан тышкары Кыргыз өкмөтү ырасмий Ташкенттин Анжиян окуясынан кийин өзгөргөн тышкы саясатына да ыңгайлашы керек. Анткени, америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган өзбек жетекчилиги келечекте Кыргызстанга саясый-экономикалык кысымды күчөтүшү мүмкүн деп боолгошот талдоочулар.

Вашингтондук уюмдун Борбор Азия программасынын менеджери Энтони Бауер айтымында:

- Бул окуя чындап эле Кыргызстанды кызык жана оңтойсуз абалга койот. Ал террорчулукка каршы согушта Кошмо Штатттарынын алдында алган милдеттенмесин, Россия Федерациясынын кызыкчылыгын жана Кытайдын айрым сунуштарын баланстап аткарышы абзел.
XS
SM
MD
LG