Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:43

АБХАЗИЯНЫН ОРУСИЯГА КОШУЛУУ НИЕТИ КҮЧ


Төрөкул Дооров, Прага Ушул шаршембиде Грузиянын курамындагы Абхаз Республикасы Орусияга кошулуу ниетин дагы бир жолу бекемдеди. Абхаз президенти Сергей Багапш ушул жумада Москвага болгон сапары учурунда бул жараян акыркы 13 жылдан бери Грузия менен уланып келаткан конфликттин тынчтык жолу менен чечилээрине да алып келээрине үмүт артаарын билдирди.

Орусиядагы «Интерфакс» маалымат агенттиги кабарлагандай, Абхаз президенти Сергей Багапш көз карандысыздыгы эларалык коомчулук тарабынан таанылбаган өзүнүн республикасын Орусияга жакындатуу ниетин дагы бир ирет кайталады:

- Абхазиянын Орусияга ассоциациялык мүчө катарында кириши боюнча аракеттер уланууда. Мен бул тууралуу өткөн жылдагы шайлоодо өзүмдүн программамда да айткам, азыр да мунун үстүнөн иштеп жатабыз. Биз өзүбүздүн мыйзамдарды Орусиянын мыйзамдары менен окшоштурууга далалат кылып келебиз. Эмне үчүн Абхазия Орусияга кошулгусу келет? Анткени ушул тапта Абхазиянын башкы экономикалык кызматташы Орусия жана Абхазия негизги инвестицияны да Орусиядан алат.

Абхазия менен Грузия ортосундагы пикир келишпестиктердин башталышы 1990-жылдардын баш чендерине туура келет. 1992-жылдын 14-августунда Грузия менен Абхазия ортосунда согуш тутанды. Атышуулар 413 күн бою уланып, 1993-жылдын 30-сентябрында согуш Абхазиянын жеңиши менен аяктаган. Мында Орусиянын аскерий колдоосу өзгөчө болгону белгилүү.

Ошондон тарта Москва Абхазиянын негизги саясий демөөрчүсү жана соода-сатыктагы башкы кызматташы болуп келатат.

Шаршембиде Багапш айткандай, Абхазиядагы ардагерлердин 70%зына пенсия Орусиянын федералдык казынасынан бөлүнөт. Ошондой эле, абхаз президенти республика тургундарынын 80%зы Орусиянын жарандары экенин да баса белгиледи. Анын ишениминде, бул көрсөткүч бир жылдан кийин 100%га жетет.

Орусия Абхазиядагы тургундарга жана ырасмий Тбилисиден бөлүнүүнү каалаган Грузиянын башка республикаларындагы адамдарга өзүнүн паспортторун төрт жыл мурда бере баштаган. Грузия болсо бул аракеттерди өлкө эгемендигине кол салуу катарында баалайт. Ал эми абхазиялыктар менен Түштүк Осетиялыктар чет мамлекеттерге чыгуу үчүн орусиялык паспортторго муктаж болуп жатышканын кайталап келишет.

Ушул аптада Абхазиянын президенти Сергей Багапш Москвада шаар мэри Юрий Лужков менен жолугушту. Багапш “Риа-Новости” маалымат агенттигине сапар жалаң гана экономикалык кызматташтыктын чегиндеги маселелерди чечүүгө арналганын айтты. Абхаз президенти Багапш мэр Лужков менен болгон сүйлөшүүлөрдө чын эле Абхазияда деңиз жээгиндеги айрым курорттор менен жайкы эс алуу жайларын Орусияга сатуу мүмкүнчүлүгү тууралуу да сөз козгогонун тастыктады:

- Мен чын эле айрым объекттерди сатып, андан түшкөн каражатты ошол эле туризм тармагына инвестиция катарында салуу керек деп ойлойм.

Багапш Абхазиянын экономикалык өнүгүүсү анын Грузиядан көз карандылыкка жетишүүсүнө байланыштуу деп билет. Абхазиялыктар өзүн Грузиядан көз карандысыз деп эсептешет, бирок Тбилиси да, Москва да ырасмий түрдө Сухумини Грузиянын автономиясындагы республика катарында билишет.

Абхаз президенти Москвага барган учурунда Грузиянын президенти Михаил Саакашвилиге да билдирүү жасагандай болду:

- Саакашвилини Батыштан билим алган адам катарында Грузияда чоң демократ деп билишет, андыктан ал Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныса, тарыхта калууга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ал дайыма Абхазиянын ардактуу коногу болмок.

Анткен менен “роза ыңкылабынын” шарапаты менен Грузиянын мамлекет башчылыгына келген Михаил Саакашвили буга караманча каршы экенин бир канча жолу кайталаганы бар. Ал Абхазия менен Түштүк Осетияны 2009-жылы президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин толугу менен Грузиянын карамагына алууга убада берген жана бул аракеттер тынчтык жолу менен гана ишке ашаарын айтып келет.
XS
SM
MD
LG