Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

“МУНАПЫС ЖӨНҮНДӨГҮ” МЫЙЗАМГА КОЛ КОЮЛДУ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев «Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 60 жылдыгына байланыштуу мунапыс берүү жөнүңдөгү» мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кургак учук, жүрөк оорулары менен ооругандар, жеңил кылмыш жасагандар жана башкалар тиешелүү тартипте жаза өтөөдөн бошотулат, же алардын жаза өтөө мөөнөттөрү кыскартылат.

Президент Курманбек Бакиев кол койгон мунапыс жөнүндөгү мыйзамга ылайык, жаза өтөп жаткан 11876 адамдын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат, же жазадан толугу менен бошотулат.

Мыйзамга ылайык, Улуу Ата Мекендик согуш аяктагандан кийин СССРдин жана Кыргызстандын кызыкчылыктарын коргоо боюнча согуш аракеттерине катышкандар, жашы 63төн өткөн эркектер жана 58ден өткөн аялдар, жашы жетпеген кеминде эки баласы, майып ата-энеси бар жана үй-бүлөсүндө бирден бир багуучу болуп эсептелген адамдар, биринчи жолу 7 жылга чейин жаза алган жашы жетпегендер, биринчи жана экинчи топтогу майыптар, 3ү жана 4ү топтогу онкологиялык оорулар, кургак учук менен ооругандар, оор эмес кылмыштар үчүн соттолгондор, кызмат өтөп жактан жеринен качып, бирок өз ыктыяры менен келип, күнөөсүн мойнуна алагандар жаза өтөөдөн бошотулат. Алардын саны 2028 адамды түзөт. Ал эми жатак абактарда кармалгандардын, атайын жасалган кылмыш иштер үчүн беш жылдан кем эмес соттолгондордун жаза өтөө мөөнөттөрүнүн жарымы кыскартылат. Атайын кылмыштарды жасап, 10 жылга чейин соттолгондордун жаза өтөө мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгү кыскартылмакчы. Мыйзамдын өлүм жазасын алгандарга, жаза өтөп жаткан мезгилде оор кылмыштарды жасагандарга тиешеси жок.

Көпчүлүк адвокаттардын айтымында, учурда жаза өтөө жайларында отургандардын арасында мыйзамсыз соттолгон адамдар, майда кылмыш үчүн узак мөөнөткө жаза алгандар өтө эле көп. Бул жөнүңдө адвокат Токторбек Ашыркул уулу мындай дейт:

- Азыр Кыргызстанда бейкүнөө, болбогон майда кылмыштар үчүн жаза өтөп жаткан адамдардын саны өтө көп. Мисалы, бир тоок уурдаган адамга 7-8 жыл жаза берип коюшат. Ал эми миллиондогон акчаны уурдаган адамдар болсо, эркиндикте жүрүшөт. Ошондуктан, биздин мыйзамдарды оңдоп, майда кылмыш иштери үчүн каралган жазаларды кайрадан карап чыгып, Кылмыш кодексине, Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү керек.

Биз Чүй облусундагы №27-жаза өтөө жайында отурган айрым адамдарга кайрылдык. Жалалабад облусунун тургуну Жакбарали Хайдаров эки жылдан бери жаза өтөп жатат. Ал өзүн12 жылга мыйзамсыз жазага тартылганын айтат:

- Мен «Арнамыс» партиясынын мүчөсүмүн. 2000-жылдагы президенттик шайлоодо Өмүрбек Текебаевдин штабында иштеп, ал үчүн үгүт иштерин жүргүзгөнмүн. Ошондон бери улуттук коопсуздук кызматынын адамдары менин артыман түшүп, бир тууганымды марихуана менен карматып, ага мага каршы көрсөтмө бердиришкен. Прокуратура, сот баары бир тарап болуп, мени акыры каматышты. Мен марихуананы көзүм менен көргөн да эмесмин. Мен ошол Акаевдин режимине каршы чыккандыгым үчүн минтип азап чегип отурамын. Менин 10 неберем бар. Апамын көзү өтүп кетиптир. Атам азыр ооруканада жатат.

Ал эми 2 тоок менен 20 литр күйүүчү май уурдаган Абдимитал Жураев 10 жылга эркинен ажыратылган:

- Мен эки тоок, 20 литр солярка уурдаган элем. Бул ишке мен турмуштун кыйындыгынан бардым. Акча жок, балдарды багыш керек эле. Өзүм дыйканчылык менен алектенчүмүн. Азыр өкүнөм. Менин эки балам бар. Азыр кургак учук менен ооруп жатам. Өтө кыйналдым .

Жаза өтөө башкармалыгынын кызмтакерлеринин айтымында, учурда пенитенциардык мекемелердеги санитардык абал жана жаза төп жаткандардын жашоо-шарттары өтө начар.

Учурда өлкөдө жаза өтөө жайларында 16 миң 265 адам бар. Алардын ичинен 2 миңден ашууну кургак учук менен ооруйт. Өлкөдө 26 жаза өтөө жайы бар. Алардын ичинен 11и жабык жаза өтөө жайлары.

Президент кол койгон мунапыс жөнүндөгү мыйзам 6 айдын ичинде ишке ашырылыш керек. Мыйзамды өз мөөнөтүндө аткарбаган тиешелүү органдар жоопко тартылат.

XS
SM
MD
LG