Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:31

Ч. АЙТМАТОВ: «САНЫБЫЗ ЖАГЫНАН ШАНХАЙДЫН БИР КӨЧӨСҮНДӨГҮ КАЛККА БАРАБАР КАЛКПЫЗ»


Журт башчысынын кызматка кирүү жөрөлгөсү жасалгандан кийинки орчун маселе экономиканы көтөрүү, эл турмушун кантип оңдой алабыз суроосу болууда. Элдин жаңы бийликтен күткөнү эмне? Эки мөөнөт президенттик бийлигин үчкө алмаштырып, аягында качып кеткен мурунку президенттин ишине ичи чыкпагандар жаңы өкмөттөн чечкиндүүлүктү, коррупцияны ооздуктоону талап кылууда.

Көркөм сөздүн айтылуу чебери Чыңгыз Айтматовдун маеги жума күнкү «Жаңы ордо» гезитинде чыгууда. «Кыргыздар саныбыз жагынан Шанхайдын бир көчөсүндөгү калкка барабар калкпыз. Анан эмнеге минтип бири-бирибизге тыңсынабыз. Түшүнбөйм», дейт Чыңгыз Айтматов. Жазуучунун айтымында, тарыхты терең билбеген, өзүн өзү аңдай албаган чала-сабат калк ичинде гана кокту-колотко, жерге-жээкке бөлүнүүчүлүк күчтүү болот.

«Экономикабыз абдан алсыз, алсырап, артка калган өлкөнүн бири болуп калдык. Тизмеде үч жүз-төрт жүздүн аркасында туруп жатабыз. Анысы аз келгенсип, жумушсуздук, өзгөчө жаштардын арасында жумушсуздук күчөдү. Бул да абдан кыйын, айыкпас оору сыяктуу. Бирок андан да өткөн, андан да бир айыкпас балакет бар – коррупция. Жемей, таламай жана башка ушу сыяктуу. Мына ушуларды оңдой алабызбы?» деп суроо коет улуу жазуучу.

Ушул эле тема «Кыргыз руху» гезитиндеги саясат таануучу Токтогул Какчекеевдин «Түштүк түймөсү» деген макаласында козголгон. Автордун ырасташынча, мурдагы президент коомдо болуп жаткан көрүнүш, кубулуштарды жалаң физиктин көзү менен карап, коомдук татаал процесстерди голографиянын эрежесине такап койчу, деп белгилейт макала автору. Өлкөнүн казынасына каражат алып келчү секторлор үй-бүлө кызыкчылыгына багытталып, жалпы киреше азганакай адамдарды гана байытып, калктын көбү итке минген кедейге айланышты.

Өлкөсү кыйын ахывалга кабылып, карайлап турган чагында Түркиянын реформачыл президенти Мустафа Кемал элин Европага багыттап, мамлекетин туура жолго салган. Ичара ынтымагы келбеген саясий күчтөрдү мунасага келтирип, аскер адамдары гана мамлекетти бүлүнтпөй сактап калат деп эсептеген.

«Кошелектордун» учуру өттү, эми ал кайрылбайт, деп жазат Е. Скородумова жума күнкү «МСН» гезитинде. Кимди кандай кызматка коюу, жаңы орундун базар баасы канча экенин аныктап, кадр маселесин каалагандай калчагандардын заманы өттү, дейт макала автору.

Ушул эле гезитте депутат Д.Садырбаевдин Түндүк Атлантика аскердик альянсынын Германияда өткөн жыйынында жасаган баяндамасы жарыяланууда. Анда автор НАТОнун Кыргызстандын коопсуздугу, чөлкөм коопсуздугун сактоодогу ролуна токтолуп, аскер аба базаларынын айланасындагы саясий оюндардын себеп-жайын чечмелеп берген.

Азыркы бийликте деле А. Акаевдин колуна суу куйгандар отурушат. Алар мурдагы президентти кандай макташса, ушу тапта ошондой эле ынтаа менен аны көөлөп жатышат. Жаңы президент коррупцияны ооздуктап, мыйзам үстөмдүгүн орноткондон кийин гана мактоого татыктуу, деп жазат Аскар Медетов жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитиндеги «Акаевчил жаат жана алакол саясат» деген макаласында.

Жума күнкү «Эркинтоо» гезитинде парламент спикери Ө. Текебаевдин, Коопсуздук кеңеш катчысы Мирослав Ниязовдун маектери жарыяланууда. Ө. Текебаев парламент коомдо болуп аткан процесстерден четте эместигин айтып, анын ийгилиги менен мүчүлүштүгү мына ушул жагдайга байланыштуу экенин билдирген.

Парламент демекчи, эгер ал «күчтүү профессионалдардан куралган өкмөт курамын бекитпей, ар кандай тоскоолдуктарга бара турган болсо өз өмүрүнө өзү өкүм чыгарат», деп жазат Азамат Салиев «Жаңы ордо» гезитинде.

Басып алмай, кайра бөлүшмөйдүн айынан Каракече көмүрүнүн баасы көтөрүлүп кеткенин 18-августтагы «Вечерний Бишкек» гезити жазып чыкты. Н. Мотуевдин «ишмердигинин» айынан ишкана 40 миллион сом зыян тартты. Адистер кетип, ишти чала-моңол билгендер ээлеп, көмүрдү каалагандай казып алып, салык төлөбөй ташып чыгышууда, деп жазат гезит кабарчысы А. Орешкин.
XS
SM
MD
LG