Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:08

КЕРКИСИНДЕ ДА, КЕМИГИНДЕ ДА…


Кыргыз өкмөтү жакындан бери энергетика тармагын концессияга, башкарууну жеке колго утурумдукка берүү идеясын көтөрүүгө өттү. Антип сырттан келчү инвестицияга өзгөчө үмүт артыштын себеби деле жөнөкөй. Чала-чарпыт реформанын айынан өлкө экономикасына чоң өсүш алып келчү энергетика тармагы кризистин сормо сазынан чыга албай келатат.

Тагдырдын тамашасы, мындан бир жыл илгери энергетика тармагын менчиктештирүү тууралуу өкмөттүн программасын элге каршы жасалган аракет катары баалап, парламент жыйынын таштап чыгып кетишкен а кездеги оппозиция бүгүн аткаруу бийлигинин эки-тизгин, бир чылбырына ээ. Жылына 12,5 миллиард киловат саат электр энергиясын өндүргөн өлкө анын 4 миллиардын жыл сайын техникалык, коммерциялык жоготуулардын эсебине чыгарып, карызга белчесинен баткан тармакты алдыга жылдыруунун бирден-бир жолу катары буга чейин электр энергия акысын жогорулатуу менен алектенип келди.

Эл аралык каржы уюмдарынын өктөм талабы, өкмөттүк программанын негизинде «Кыргызэнерго» үчкө бөлүнүп, «Электр станциялары» менен «Электр тармактары» мамлекет ээлигинде калып, бөлүштүрүүчү компаниялар акционердик коомдорго айландырылган. Бирок да өкмөттүн бөлүштүрүү компанияларын жеке колго өткөрүү демилгеси мурдагы парламенттен колдоо таппай, эки бийлик ортосундагы талаш аягында саясий өң-түс алып, талаштуу маселени чечүү милдетин кийинки парламентке таштап кетишкен.

Быйылкы жарым жылда «Түндүк электр» акционердик коомунун коммерциялык, техникалык жоготуулары 44 пайызга жетти. Коомдун коммерциялык директору Таалайбек Ибраевдин айтуусунда, мунун негизги себептеринин бири - жабдуулардын эскиргендигине, ошондой эле мыйзамдык негиздин борпоңдугуна байланыштуу.

- Электр эсептегичтердин 90 пайызын алмаштыруу керек. Мыйзам боюнча электр энергиясын тейлөө катары баалап жатышат. Мыйзамда аны товар катары көрсөтсө, жоготууларды эки эсе азайтса болот.

Өкмөт ушу тапта кризиске кабылган тармакты бутуна тургузуу үчүн сырттан инвестиция тартуу, бөлүштүрүү компанияларын жеке колго утурумдук башкарууга берүү демилгесин көтөрүүдө. Парламент депутаты Таирбек Сарпашевдин ырасташынча, бул маселе Жогорку Кеңеште мындан үч жыл илгери талкууланып, өткөн жылы кызыл чеке талашка түшкөн.

- Өткөн парламентте комитет төрагасы катары мен концессияны, базар-нарк мамилелерине өтүүнүн жолу катары такай маселе козгоп келгем. Мени жаман көргөндөр да көп болушту. «Сен дайым эле Акүйдүн маселесин козгойсуң. Талаш-тартыш маселелер болгондо сен ошолордун тарабында болосуң» дешкен. Мына эми жыл айланган жок. Былтыр эле ушул маалда биздин кесиптештер: «Концессия маселеси болбойт. Концессия бул Атамекенди сатканга барабар» дешкен менин кесиптештерим бүгүн жаңы бийликке келип отурушту дагы, отуруп-отуралекте, өкмөттүн курамы бекий электе эле концессиянын ырын ырдап киришти.

Үч тарамдан куралган системанын бошоң жери бөлүштүрүү компаниялары болууда. Аны жеке колго берүү жалпы эле тармакты каптаган кризистен чыгууга өбөлгө түзмөкчү. Таирбек Сарпашев бөлүштүрүү компанияларынын жеке колго өтүшү менен коммерциялык, техникалык жоготуулар кескин азайып, мурда биздики болуп келген тармак мендикке айланган соң ушу тапта Кыргызстан үчүн чоң проблемага айланып аткан маселелердин текши баары өзүнөн-өзү чечилмекчи деген пикирде.

- Кимге берерди да айтып атат. Орусия тарапка. Бирок айрым жерлерде бүтүндөй энергетиканы деп атышат. ГЭСтерди да, электр тармактарын, жогорку чыңалуудагы линияларды, анан бөлүштүрүү компанияларын берүү керекпи деп атышат. Бул абдан чоң опурталдуу маселе.

Өкмөт курулушу токтоп калган «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» суу электр станцияларына Орусиядан инвестиция алып келүүгө куштар. Өкмөт башчынын милдетин аткарып турган чагында К. Бакиев «Орус алюминийи» компаниясынын президенти Олег Дерипаска менен жолугушуп келгенден кийин маалымдоо каражаттарында эки ГЭСтин курулушун аягына чыгарууга аталган компания кызыкдар болуп жатканы, анын эсесине Кыргызстанда алюминий заводун кура тургандыгы кабарлана баштаган.

Жакындан бери өкмөт энергетика тармагын концессияга орусиялык кайсы бир компанияга берүүгө кызыкдар экендиги айтыла баштады. Ал табышмактуу компания энергетиканын бөлүштүрүү тармагына инвестиция жумшайбы же үчкө ажырап кеткен «Кыргызэнергону» баштагы калыбына келтирип, ага толугу менен ээ чыгабы – бул маселе азырынча белгисиз. Кандайынан келгенде да энергетика реформасы өкмөт менен парламенттин ортосундагы чоң саясий талашка түшүп калышы деле мүмкүн. Кыргызстан үчүн энергетика экономикалык эмес, чоң саясий маселеге айланып кеткен.
XS
SM
MD
LG