Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:30

КАЗАКСТАНДЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШИ: ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО БЫЙЫЛ ДЕКАБРДА ӨТКӨРҮЛҮҮГӨ ТИЙИШ


Бүгүн, жума күнү, Казакстандын Конституциялык кеңеши өлкөдөгү кезектеги президенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын декабр айынын алгачкы жекшембисинде өткөрүлөөрү тууралуу чечимин жарыялады. Эми бул маселе боюнча парламенттин төмөнкү палатасы өз резолюциясын кабыл алууга тийиш. Демек, парламентте Конституциялык кеңештин чечими тастыкталса, анда 4-декабрда коңшу Казакстан жаңы мамлекет башчынын ким болоорун тикелей шайлоо аркылуу аныктайт.

Жума күнү (19-августта) Казакстандын Конституциялык кеңеши өлкө атуулдарынын арасында ар кыл жоромолдорду туудурган маселе боюнча өз чечимин чыгарды.

Казакстандын Конституциялык кеңешинин төрагасы Игорь Рогов президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтү тууралуу мындайча жарыялады:

- Конституциялык кеңештин пикиринде, Казакстан Жумуриятынын президенттигине кезектеги шайлоо 2005-жылдын декабр айынын алгачкы жекшембисинде өткөрүлүүгө тийиш.

Казакстан Конституциясынын эки беренеси коомчулукта эки башкача талкууланып келген. 41-беренеге ылайык, президенттик бийлик мөөнөтү - жети жыл. Демек, 1999-жылы январда президенттик эрте шайлоо өткөнүн эске алсак, азыркы президенттин мөөнөтү 2006-жылдын январында соңуна чыгат.

Ал эми 94-беренеге негизденсек, кезектеги шайлоо президенттик мөөнөт соңуна чыккандан кийинки декабрь айынын алгачкы жекшембисинде өткөрүлүүгө тийиш. Демек, кезектеги шайлоо 2006-жылдын декабрына туура келет.

Эми Казакстандын Конституциялык кеңеши бул чаташуу тууралуу соңку сөзүн билдирди. Эгерде бул чечим жайкы тыныгуудан 1-сентябрда кайта турган Мажлисте да колдоого алынса, жана алдыдагы президенттик шайлоо бир айлампа менен эле чечилсе, анда үстүбүздөгү жылдын соңунда өлкөнүн жаңы мамлекет башчысынын ысымы аныкталат.

Ал эми казакстандык серепчилердин бири, «Опурталдуу кырдаалдарды баалоо тобунун» өкүлү Досым Сатпаев мырза өлкөдөгү президенттик шайлоонун мөөнөтүн так айтпай, ушул күнгө чейин маалкатуунун башкы мүдөөсү – казак оппозициясынын шайлоого камылга көрүү аракеттерине кедерги тийгизүү болду деген оюн айтат:

- Шайлоо өткөрүү датасын биротоло аныктоо маселесин кечеңдетүү – бул тек гана бийликтер дурустап жүзөгө ашырган саясий технологиялык айла-амал. Анын натыйжасында бийликтер оппозицияны кандайдыр-бир деңгээлде адаштырып жаткансыды. Анткени бул маселенин юридикалык жактан биротоло чечилбей жатышынын айынан оппозициялык күчтөр өздөрүнүн каржылык, адамдык жана маалыматтык ресурстарын өз маалында бөлүштүрө албай калды.

Жергиликтүү серепчи Берик Абдыгалиев да Досым Сатпаевдин мындай пикирин кубаттайт:

- Бул – саясий оюн, анткени бийликтер өз каршылаштары, оппозициянын адамдары шайлоого алдын-ала даярдана албасын үчүн аракеттенип, өздөрү бүткүл облустарды аралап, өнөктүктү (эмитеден) баштап кетти.

Казакстандын оппозициясы Борбордук Азия аймагындагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу каражаттык жактан кубаттуу саналат. Арийне, казак бийлигине алар каржылык жактан теңеле албасы да айкын. Анын үстүнө казак оппозициясы бөлүндүдө кала берүүдө.

Коңшу жана жакыр Кыргызстанда быйыл кышында оппозициянын ич ара ынтымакка келиши үчүн эл эрки олуттуу ролду ойногон. Өзгөчө элет жериндеги калайыктын саясий жигердүүлүгү кескин өскөн.

Ал түгүл 24-марттагы элдик ыңкылапка эки аптадай калган чакта (11-мартта), мурдагы оппозициячыл лидерлердин бири, азыркы тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева мындай деп айтканы эсте:

- Биз, оппозиция, керек болсо элдин аркасынан жете албай жатабыз.

Казакстандачы? Президенттик шайлоо – саясий оппозициянын гана маселеси эмес.

Карапайым казакстандык атуулдар «ашууда ат алмаштырууга канчалык деңгээлде даяр»?

Расмий Астананын жетекчилери Кыргызстандагы ыңкылапты мурдагы өкмөттүн туура эмес экономикалык жана социалдык саясаты, ашкере «жемкордугу» менен байланыштырып, өздөрүн дээрлик «сүттөн ак» көрсөтүп, аймактагы үлгү болоордук өкмөт катары өздөрүн көтөрмөлөп мактап келет.

Эми «Азаттыктын» кабарчысы Жулдыз Төлө Астана шаарында уюштурган сурамжылоого кезек берели:

- Шайлоо тууралуу кабарым жок.

- Шайлоо жагын ойлогон жокмун.

- Президентти колдойбуз.

- Нурсултан Назарбаевди колдойм...


Сурамжылоодон айгинеленгендей, президент Назарбаевди колдогон карапайым атуулдар да бар экендиги шексиз.

Айтмакчы, оппозиция лидерлеринин бири, «Акыйкат Казакстан үчүн» кыймылынын өкүлү, мурдагы баш прокурор Жармахан Туякбай «коррупцияга жана авторитардык режимдик сазга баткан» деп өзү айткан системаны ойрон кылуу үчүн алдыдагы шайлоодо президенттикке талапкер катары чыгаарын 17-августта басма сөз аркылуу жарыя кылды.

Ал эми ушул айдын башында АКШ президенти Жорж Уокер Буш кесиптеши Нурсултан Назарбаевге кат менен кайрылып, аны алдыдагы шайлоону акыйкат өткөрүүгө чакырган.

Европа Биримдиги да июлдагы жыйыны маалында алдыда күтүлгөн президенттик шайлоо Казакстанда демократиялык жараян кандайча жүрүп жаткандыгын айкындаган чоң сынак болоорун белгилеген.
XS
SM
MD
LG