Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Атуулдук коомдун өкүлдөрү тынчсызданууда


БИШКЕК. Апрель айында түзүлгөн Конституциялык кеңешменин иши чечимдерди кабыл алууда ачык демократиялык процедураларды колдонуу аркылуу улантылышы керек. Президент Бакиевдин Конституциялык кеңешменин курамы жаңыланышы керек деген билдирүүлөрү атуулдук коомдун өкүлдөрүн тынчсыздандырууда. Бул тууралуу 19-августта бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан таратылган кайрылууда айтылган. Анда белгиленгендей, Конституцияны реформалоодо президенттин үстөмдүк кылышына жол берилбеши керек. Анткени, андай болгон учурда реформа натыйжалуу болушуна шек туулат. Ал эми Конституциялык кеңешменин секретариатынын маалыматы боюнча, президент тарабынан Баш мыйзамга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча долбоор түшө элек. Кайрылуу ээлери Конституциялык кеңешме тарабынан иштелип чыккан долбоорду талкуулоону улантуунун зарылдыгы жөнүндө айтышкан.

XS
SM
MD
LG