Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:55

Айыл өкмөттөрүн кыскартуу зарылбы?


БИШКЕК. Кыргызстанда жүргүзүлө турган административдик-аймактык реформанын алкагында айыл өкмөттөрдүн саны кыскартылышы керек. Мындай пикирин 19-августта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын төрагасы Курманбек Дыйканбаев маалымдады. Анын айтымында, бери дегенде 24 айыл өкмөтү кыскартылышы керек. Анткени, алардын ар биринде 1000ге жакын гана адам жашайт. Ал эми эл аралык стандарттарга ылайык, айыл өкмөтүнө ылайык аймакта кеминде 5 миң адам жашашы керек. Жалпысынан бүгүнкү күндө өлкөдө 471 айыл өкмөтү бар. Буга чейин вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров жыл аягына чейин өлкөдө административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп, 2006-жылдын 1-январынан тарта облустар жойулаарын билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG