Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн парламент сентябрь айында бекитет


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңешке өкмөттүн курамын 26-августка чейин сунуштайт. Бул тууралуу 19-августта президенттин администрациясынан билдиришти. Ал эми премьер-министрдин талапкерлигин президент расмий кызматка киришкенден кийин эки аптанын ичинде парламентке сунушташы керек. Парламент бир аптанын ичинде президент тарабынан өкмөт башчылыгына сунушталган талапкерди бекитүү боюнча бир жактуу чечим кабыл алууга тийиш. Анын негизинде мамлекет башчысы премьер-министрди дайындоо жөнүндөгү жардыкка кол койот. Андан соң, Жогорку Кеңеште «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзам долбоору каралып, кабыл алынгандан кийин, өкмөттүн курамы бекитилет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG