Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:33

К. Бакиев Конституциялык кеңешменин төрагалыгына сунушталды


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев 18-августта президент Курманбек Бакиев менен жолугушуусунда өлкө башчысына Конституциялык кеңешмени жетектөөнү сунуш кылды. Бул тууралуу 19-августта президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаев «Азаттыкка» билдирди. Анын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиев төрагалык кылууга макулдугун берди. Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Конституциялык кеңешмеге мыйзам чегинде шайланган президенттин төрагалык кылышы туура кадам болуп эсептелет. Ал эми буга чейин Конституциялык кеңешмеге парламенттин спикери төрагалык кылгандыгы өлкөдө парламенттен башка легитимдүү органдын жоктугуна байланыштуу болгон. Конституциялык кеңешменин жаңы төрагасы парламентте бекитилет. Буга чейин президент Курманбек Бакиев Конституциялык Кеңешменин курамы өзгөрүлөөрүн билдирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG