Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:20

Административдик реформа эки баскычта жүргүзүлөт


БИШКЕК. Кыргызстанда административдик реформа эки баскыч менен өтөт. Биринчи баскычында айрым облустук структуралар кыскартылат. Экинчи баскычында жакынкы эки жылдын ичинде облустарды кыскартуу боюнча экономикалык шарттар түзүлөт. Бул тууралуу 19-августта президент Курманбек Бакиев өкмөттүк жыйында билдирди. Анын айтымында, административдик реформанын башкы максаты – мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана чиновниктерге сарпталган каражаттын көлөмүн кыскартуу. Президент кыскартуулардын натыйжасында кызмат орундарынан ажыраган адамдарды иш менен камсыз кылуу боюнча программаны иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды. Жыйында каржы жана экономикалык өнүгүү, соода министрликтеринин ыйгарым укуктарына байланыштуу ар кандай пикирлер айтылды. Президенттин пикиринде, өкмөт алдындагы маданиятты өнүктүрүү комиссиясын маданият министрлигине өзгөртүү абзел.

XS
SM
MD
LG