Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:45

ГАЗА ТИЛКЕСИНДЕГИ ЭКИ ЧОҢ ЖӨӨТ КОНУШУ БОШОТУЛДУ


Газа тилкесин 38 жылга созулган басып алуу –айрым ортодокс жөөттөрдүн каршылыгына карабай соңуна чыкканы калды. Израил бийликтери жөөттөрдү өлкө ичине көчүрүү келерки жумада аяктайт деген ишеничте. Жума күнү тилкедеги эки чоң конуш жөөт тургундарынан бошотулду. Израил премьер-министринин Газадагы 21 конуштун жана Батыш Иордандагы 4 кыштактын калкын өлкө ичине көчүрүүдөгү чечкиндүүлүгүн БУУ колдоду.

Газа тилкесин 38 жылга созулган басып алуу –айрым ортодокс жөөттөрдүн каршылыгына карабай соңуна чыкканы калды. Израил бийликтери жөөттөрдү өлкө ичине көчүрүү келерки жумада аяктайт деген ишеничте.

Жума күнү тилкедеги эки чоң конуш жөөт тургундарынан бошотулду. Израил премьер-министринин Газадагы 21 конуштун жана Батыш Иордандагы 4 кыштактын калкын өлкө ичине көчүрүүдөгү чечкиндүүлүгүн БУУ колдоду.

Сontent: Газа оперциясына жооптуу Дэн Гарел бейшемби күнү көчүрүү иштери мыйзам чегинде өткөнүнө канааттануусун билдирген эле:

- Береги тургундарды көчүрүү мыйзам чегинде, тартиптүү жана чоң чыр-чатаксыз өткөнүнө мен кубанчыта экенимди айтам.

Гарелдин сыпаа айтылган сөзү катаал чындыкты жымсалдоо. Израилдик аскерлер жума күнү таң эртелеп катуу каршылык көрсөтүп жаткан жөөт ортодоксторунун Кадиддеги фермадан сүрүп чыкты. Темир-тезектерден чеп куруп алган тургундар аскерлерди “Нацис” деп кыйкырып, каршы алышты.

Аскерлер алардын коргонун бульдозер менен бузуп, жол салгандан кийин албууттанган козголоңчулар каршылык көрсөтпөй баш ийип беришти.

Жума күнү эң чоң конуш - Кфар Даром менен Неве Декалим да бошотулду. Эки мааледе тең каршылык көрсөткөндөр ыбадатканага бекинип алышкан болчу.

Армия козголоңчу тургундарды крандын жардам менен жана суу бүркүп кууганда, алар жоокерлерге таш атып, бойок жана кислота куюлган шишелерди ыргытышты. Операция учурунда кеминде 40 аскер жана 17 жаран жарадар болуп, 150дөн ашуун демонстарант камакка алынганы маалымдалды.

Газанын көпчүлүк калкы Израиль премьер-министринин жөөт конуштарын көчүрүп кетүүсүн колдошту. Алардын бири Абу Ахмед:

– Мен келгиндердин кеткенине кубанычтамын. Эгер алар абактагы адамдарыбызды бошотушса, жерибизди, ата-бабаларыбыздын жерин таштап кетсе, ого бетер сүйүнмөкмүн. Алар Палестинада басып алган жерлердин 1 процентин гана калтырып кетти. Алардын аз гана жыл жашаган там-жайларынын таштап баратып, кыйкырып-бакырышканын биз көрүп жатабыз. Эми 1948-жылы биздин Палестинаны жогткондогу абалыбызды элестетип көрүңүзчү.

Палестиндер Израил Газадан чыгып кеткени менен Батыш Иорданада жашаган 240 миң чамалуу келгин жөөттү чыгарып кетпейт деп чочушат. Ал эми талдоочулар Газадагы конуштар бошотулгандан кийин тыш өлкөлөр Израилге мурдакыдай кысым жасай албайт деп боолгошот.

Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан премьер-министр Шарондун Газадагы бардык жөөт тургундарын жана Батыш Иордандагы төрт маалени көчүрүп кетүүдөгү чечкиндүүлүгүн колдоду.

Жакынкы Чыгыш “квартетине” кирген Россиянын президенти Владимир Путин болсо мындай деди:

- Жакынкы Чыгытагы жагдай тынчтыктын жол картасына ылайык жөндөлөт деп ишенебиз жана Израилдин Газа тилкесинен аскерлерин жана тургундарын көчүрүп кетүүсүн жактайбыз.

“Төртилтикке”(квартетке) кирген Россия, АКШ, Евробиримдик жана Улуттар Уюму Израил-палестин чатагы “Тынчтыктын жол картасы” деп аталган планга ылайык жөндөлүшүн башынан айтып келет.

XS
SM
MD
LG