Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

“Абдулла Азам бригадасы” Акаба жана Эйлатты “Катюшадан” аткылады


Иорданиянын Кызыл деңиздин боюндагы Акаба портунда турган АКШлык аскерий кеме жана Израилдин Эйлат аэропорту ракетадан аткыланды.
Ракета чабуулдары үчүн жоопкерчиликти “ал-Каида” менен байланыштагы “Абдулла Азам бригадасы” деген топ өзүнө алды.

АКШнын аскерий кемеси турган жайга чукул жердеги кампага тийген ракетадан иорданиялык бир жоокер курман болду. Ракета Эйлат аэропортуна тийбей, ага жакын жерге түштү. Израил армиясы “Катюша” Иордан тараптан ок атканын маалымдады. Акаба менен Эйлаттын арасы 15 чакырымдай болот.

XS
SM
MD
LG