Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Астрахань: Чечен - калмык чатагын аскерлер басат


Орус өкмөтү Астрахань облусундагы чечендер менен калмыктардын мушташын басуу үчүн Яндыки кыштагына 1 100дөн ашуун атайын күчтөрдү жайгаштырды. Жаңжал бейшемби күнү 24 жаштагы калмык жигит жайга коюлгандан кийин чыккан. Калмык жигитти дүйшөмбү күнү чечендер өлтүрүп коюп, 15-16-август күндөрү калмыктар менен чечендер ортосунда катуу мушташ болгон. Кечээ күнкү мушташка эки жактан 300дөн көп адам катышып, жаңжал учурунда бер нече там жана автомобиль өрттөлгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG