Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

Мындан туптуура 14 жыл мурда, дал ушул күнү мурдагы Совет Биримдигинин бийлигин КПСС Борбордук Комитетинин айрым мүчөлөрү күч менен басып алуу максаты ишке ашпай калып, СССРге өзгөчө абал киргизилген эле. Ошол өзгөчө кырдаал жарыялаган мамлекеттик комитеттин аракетине Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин ошол кездеги төрагасы Медеткан Шеримкулов, экс-президент Аскар Акаев каршы чыгышкан. Ал кездеги ички иштер министри Феликс Кулов тынчтыкты сактоого олуттуу салым кошкон. Бул тууралуу экс-спикер, белгилүү саясатчы Медеткан Шеримкулов “Азаттыкка” берген маегинде төмөнкүлөрдү эскерди.

- ГКЧПны колдобогондордун көп болгонунун себеби эмнеде эле? Бул демократияга каршы чыккандык эмес. Ошол учурдагы президент Горбачев иштеп тургандагы башаламандыктан элдин баары жадап бүткөндүгү, экономиканын өтө төмөндөп кеткендиги себеп болгон ага. Элдин арасында жумушсуздуктун көбөйгөндүгү, баа наркы өтө өсүп кетип, биздин дүкөндөрдө нандан башка эч нерсе алууга мүмкүн болбой, ушунчалык оор акыбалга келип калган мезгилэле. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Советтер Союзуна чет мамлекеттерден, кичинекей өлкөлөрдөн эски кийим-кечелер гум.жардам деп келип турду. Бул улуу өлкөнүн бизге окшогон атуулдарына болгон эң уят маселе болчу. Ошол акыбалдан чыгарар бекен деген гана ой менен ГКЧПга айрым кишилердин көңүлү түз болду. Ал эми менин ГКЧПны биринчи кадамдан баштап колдобогонумдун себеби төмөнкүлөр: Эң биринчиси, Горбачев кандай президент болбосун ошол өлкөнү башкара алдыбы, башкара албадыбы, бирок ал закондуу түрдө шайланган президент болчу. Экинчиси, ГКЧП Конституцияны, Конституциялык нормалардын бардыгын бузду. Мен өзүм өмүр бою ошол мамлекетти, мыйзамдуулукту колдоп келген адаммын. Аны айтып жаткандыгымдын себеби кайсы жерде болбосун, кандай бир ураандар менен ошол иштеп жаткан структураны, мамлекеттик түзүлүштү, ошол өлкөдөгү болгон коомдук түзүлүштү күч менен мыйзамсыз түрдө бузууга чыккан бардык күч аракеттерди мен эч убакта колдогон эмесмин жана колдобойм.

- Медеткан мырза, ГКЧП болгондо Кыргызстан туура позицияда турдубу?

- Менимче, Кыргызстан абдан туура позицияда турду. Мындай болду, ошол биринчи эле күнү Акаевдин кабинетинде жолукканыбызда Феликс Шаршенбаевич Кулов ички иштер министри катары “мен биздин республикага эч бир башка күчтөрдү киргизбейм, аэропорттуу дагы, башка жактардын баарын коргоого алам” - деп, чечкиндүү туруп берди. Бул чоң азаматтык болду. Кыргыз Республикасынын ошол мезгилдеги парламентинин жетекчиси катары менин айткан катуу позициям, бул дагы кыргыз элинин, Кыргыз Республикасынын позициясы катары каралып калды дейм. Менден бир күндөн кийин, 21-августта Акаевдин дагы бир билдирүүсү чыкты, бул дагы Кыргыз Республикасы Москвадагы болуп жаткан окуяга терс карай тургандыгын, терс позицияда экендигин элибизге туура түшүндүрдүк деп ойлойм. Бирок ошол эле мезгилде айта кете турган нерсе, мунун баардыгын тең кыргыз эли 100 пайыз бизди, Кыргыз Республикасынын жетекчилерин колдоду деп айтсам туура болбой калат. 14 жыл өткөндөн кийин ачык айта берсек болот. Ошол убактагы эле коммунисттер, ошол убактагы коммунисттик партиянын жетекчилери толугу менен ГКЧПны колдоп чыкпады беле. Муну дагы эске алып коюшубуз керек. Демек, республикабыздагы элдин арасында ГКЧПга болгон мамилени бир жактуу кароого болбойт. Баардыгы тең ГКЧПны колдогон деген да туура болбойт, баардыгы тең ГКЧПга каршы чыккан деген дагы туура болбойт.

- Маегиңизге ырахмат!
XS
SM
MD
LG