Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:50

МАМЛЕКЕТТИК ДЕҢГЭЭЛДЕГИ ТУРИСТТИК АССОЦИАЦИЯ ИШКЕ КИРИШТИ


Ысыккөл районундагы “Ак бермет” эс алуу жайында 17-августта туризмди өнүктүрүү боюнча атайын ассоциация түзүү уставы талкууланып, мамлекеттик деңгээлде түзүлгөн туристтик ассоциация 18-августта ырасмий ишке киришти.

Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүү боюнча буга чейин маалымат багытандагы бир дагы коомдук уюм, мекеме түзүлбөгөндүктөн жыл сайын бул тармак солгундап жаткандыгын белгилеген эс алуу жайынын адистери быйыл ассоциация түзүү демилгеси менен өкмөткө, спорт, туризм министрлигине жана башка мекемелерге кайрылышкан. Жуманын шаршемби, бейшемби күндөрү ал жактан өкүлдөр келип ассоциациянын уставы менен таанышышты.

Вице-спикер Эркин Алымбеков ассоциация түзүү зарылдыгына мындайча токтолду:

- Казакстан, Орусияда атаандаштык чоң болуп, ар бир жылы бул жака барбагыла, ал жакта бандиттер, уурулар деп жамандашат. Атаандаштыктын негизинде мурдатан келчү туристтер келбей жатат. Ушул ассоциация көп иштерди аткарып, туристтерди бул жака алып келип, биздин элибиздин турушун оңдоо боюнча жакшы өбөлгө түзүлөт го деген ойдомун.

Эркин Алымбековдун айтымында, жаңы түзүлгөн ассоциация алыскы жана жакынкы мамлекеттерге туристтик борборлорду ачып, ал жерден жолдонмо сатуу иштерин колго алат жана интернет баракчаларын ачып, маалымат жарыялашат.

Туристтик ассоциациянын башчылыгына шайланган Акжолтой Насирдинов эс алуу жайлар эл аралык жарманкелерге жалгыздап катышууга чамасы келбегендигин айтып, ассоциация бир жыл мурда түзүлгөндө натыйжалуу болмок дейт:

- 24-марттагы, андан кийинки окуялардан кийин биздин туристтердин саны кескин кыскарып кетти. Эгерде бизде ошол ассоциация болуп, күчтүрөөк рекламага каршы ишти жасай турган болсок, анда мындай болбойт эле.

Кыргызстандагы туризмдин өнүктүрүү багытын көздөгөн бул ассоциация акча каражатын убагында максаттуу сарптаса кирешелүү тармака айланаарын белгилеген экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин өкүлү Болот Казаков.
мындай дейт:

- Эртеңки күндү ойлош керек. Булар бүгүнкү тапкан акчасын өзүнө пайдаланып, өзүнө жумшап коюп эле келечекти ойлобой атат. Келечекти ойлоп ассоциация акча чогултуп база түзүүсү зарыл. Мисалы, Германияда, Лондондо жакшы көргөзмөлөр бар. Ага бизден бир дагы пансионат бара албайт. Булар биригип Кыргызстандын туризмин өнүктүрүшү керек.
XS
SM
MD
LG