Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:29

Азиза Турдуева, Бишкек 20-августта премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов өкмөт үйүндө кеңешме өткөрүп, анда өкмөттүн структурасы, министрликтердин ишинде боло турган өзгөрүүлөр тууралуу сөз болду. Кыргызстанда административдик реформа эки баскыч менен өтүшү күтүлүүдө. Биринчи баскычында айрым облустук структуралар кыскартылат. Экинчи баскычында жакынкы эки жылдын ичинде облустарды кыскартуу боюнча экономикалык шарттар түзүлмөкчү.

Министрликтер менен мамлекеттик комиссия, комитеттердин жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде Феликс Кулов президент Курманбек Бакиевге өкмөттүн структурасы боюнча акыркы вариантты сунуштаганын билдирди. Бирок азырынча структура боюнча акыркы чечим кабыл алына элек. Кеңешмеде белгиленгендей, өлкөдөгү административдик реформа мамлекеттик башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү максатын көздөйт. Ал эми жаңы өкмөттүк структураны түзүүдөгү башкы принцип тууралуу Феликс Кулов буларга токтолду:

- Кандай структура болбосун, ал мамлекеттик бакшаруунун системасына каршы келбеши керек. Өзгөчө биринчи жарым жылда. Эгерде биз экономиканын реалдуу өсүшүн камсыз кыла албасак,, кандай абалга туш келип калаарыбызды сиздер түшүнөсүздөр. Элдин ишеними чоң. Алардын үмүтү зор. Биз иштешибиз керек. Мен сунуштаган өкмөттүк структура бир катар кыскартууларды камтыган. Бирок анда башкаруу системасынын ишин үзгүлтүккө учурата турган элементтер жок .

Куловдун маалыматы боюнча, Россияга салыштырмалуу Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасында иштегендер 6 эсеге көп. Ал эми облустук мекемелерде бүгүнкү күндө 6850 адам иштейт. Аларга жылына 515 млн. сом сарпталат. Анын ичинде айлык акыларын төлөөгө 306 млн. сом бюджеттен бөлүнөт. Бул маселе боюнча кеңешменин катышуучуларына кайрылган Феликс Кулов мындай деди:

- Ар бириңиздер облустук структураларга байланыштуу маселени карап чыгышыңыздар керек. Президент мындай тапшырма койду: бир айдын ичинде биз дубандарды жойбой туруп, облустук деңгээлдеги ашык структуралардын баарын кыскартышыбыз керек .

Кулов белгилегендей, облустарды жойуу боюнча маселе кийинчерээк каралат. Алды менен облустук деңгээлдеги бири биринин ишин кайталаган структуралар кыскартылгандан кийин, атайын экономикалык шарттарды түзүү аркылуу облустарды кыскартуу ишке ашышы мүмкүн. Ал эми азырынча облустук структуралар иштеп турат.

Кеңешмеде айтылгандай, президент парламенттин жетекчилигинен «Өкмөт жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алып берүүнү өтүндү. Бул мыйзам долбоору буга чейин парламентте биринчи окуудан өткөн. «Өкмөт жөнүңдөгү» мыйзам кабыл алынгандан кийин гана өкмөттүн курамы парламентке сунушталат. Өкмөт мүчөлөрү бул мыйзам боюнча өз пикирлерин кийинки экинчи күнгө чейин премьер-министрдин юридикалык бөлүмүнө билдирүүлөрү керек.

Феликс Кулов белгилегендей, министрликтер атуулдардын арыздары боюнча ишке өзгөчө көңүл бурушу керек:

- Эң биринчиден, министрликтер коррупцияга каршы күрөшүүнү башташы керек. Министрликтер атуулдардын арыздарына кылдат мамиле жасоого тийиш. Премьер-министрдин аппараты министрликтердин ар бир айдагы иши боюнча билиши керек. Биз бир айда силер кайда барасыңар, канча жолу эл менен жолугушуп, кандай маселелерди чечкендигиңер тууралуу билип турушубуз зарыл. Бизге ар бир айда пландарыңарды берип турасыңар. Жасалган иштер боюнча маалымат каражаттарында да отчетторуңар жарыяланышы керек.

Жыйындын катышуучулары жалпысынан министрликтер менен ведомстволуктардын облустук структураларын кыскартуу керектигин белгилешти. Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу бул маселе боюнча төмөнкүлөргө токтолду:

- Мен да министрликтердин облустук структураларын кыскартуу керек дегенге кошулам. Биздин министрликте да облустук структуралар кыскартылат. Анткени, алардын айрымдарынын зарылдыгы деле жок. Ошондо каражат да сарпталат, керектүү эмес структуралардан да арылабыз.

19-августта Президент Курманбек Бакиев облустук структураларды кыскартуулардын натыйжасында кызмат орундарынан ажыраган адамдарды иш менен камсыз кылуу боюнча программаны иштеп чыгууну өкмөткө тапшырды.

Куловдун айтымында, айрым министрликтер кыскартылышы ыктымал. Ал эми президенттин пикиринде, өкмөт алдындагы маданиятты өнүктүрүү комиссиясын маданият министрлигине өзгөртүү зарыл.
XS
SM
MD
LG