Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:12

ЭKC-ПРЕЗИДЕНТТИН КҮЙӨӨ БАЛАСЫНА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ


Башкы прокуратура экс-президент Аскар Акаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн Жогорку Кеңешке сентябрь айында тиешелүү документтерди өткөрүп берүүсү күтүлүүдө. Ал эми Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевди көлөмдүү суммадагы акча каржатын жана салык төлөмдөрүн мамлекеттен жашыргандыгын Башкы прокуратура аныктап, аны камоого издөө жарыялагандыгын маалымдады.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевге жана анын анын үй-бүлөсүнө, жакындарына таандык мүлктөрдү териштирүүгө байланыштуу алгач 42 ишкананын тизмеси айтылып, андан соң иликтөөдө алардын саны 170тен ашкан. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров учурда экс-президенттин үй-бүлөсүнө таандык делип шектелген айрым ишканалардын үстүнөн текшерүү аяктап калгандыгын, мурдакы президент Аскар Акаевди кол тийбестик укугунан ажыратуу боюнча тиешелүү документтерди сентябрь айында Жогорку Кеңешке тапшыраарын билдирди:

- Башкы прокуратурада экс-президентке кол тийбестик маселеси каралууда. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттары демилге көтөрүп, комиссия түзүп, экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу керек. Биз тиешелүү документтерди Жогорку Кеңешке сентябрь айында өткөрүп берели деп атабыз. Эгерде депутаттар экс-президентти кол тийбестик укуганан ажыратуу статусун алып берсе, Аскар Акаевдин ишин сотко өткөрөбүз. Сот чекит койот.

Экс-президент үй-бүлөсүнө тиешелүү мүлктөрдөн тышкары, Конституцияны бузгандыгы үчүн да мыйзам алдында жооп бериши керек, дейт Азимбек Бекназаров.

- Айта берсе биз күнөөлөп аткан Аскар Акаевичтин күнөөлөрү көп. Бир эле мисалды айтайын. Ал 24-мартта мамлекетти таштап качып кетти. Бул абдан оор кылмыш болуп эсептелет. Ал мурдакы президент катарында Конституциянын гаранты, мамлекеттин башчысы. Ушундай убакытта мамлекетти таштап кетип калууга Конституциялык укугу бар беле? Мына мен ага карата козголуучу кылмыш ишинин бир эле беренесин айтып жатам.

Ал эми Аскар Акаевдин адвокаты Максим Максимович экс-президентти кол тийбестиктен ажыратууга Конституция жол бербейт деген пикирде:

- Конституция боюнча экс-президент кол тийбестик укукка ээ. Конституцияда экс-президентти кол тийбестик укугунан ажыратуу процедурасы каралган эмес. Ал үчүн Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилүү керек. Ансыз экс-президенттин кол тийбестик укугунан ажыратуу мүмкүн эмес. Ал эми Башкы прокуратура тарабынан Акаевге коюлган Үзөнгү кууш, Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү, кабинетинде кимдир бирөөлөр көлөмдүү суммадагы акча бергендиги сыяктуу айыптар чындыкка коошпойт.

Ал эми Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жума күнү тараткан маалыматына караганда, экс-президенттин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин үстүнөн салык төлөбөгөндүгү, кирешени жашыргандыгы, мамлекеттин кызыкчылыктарына доо кетиргендигине байланыштуу айып тагылып, камакка алууга издөө жарыяланды.

Башкы прокуратуранын маалымдаганына караганда, Адил Тойгонбаевдин карамагындагы “Аалам сервис” жоопкерчилиги чектелген коом жана оффшордук “Мерлисайл ЛЛС” компаниясы алты жыл аралыгында “Манас” аба майданында учактарды күйүүчү май менен камсыз кылып, жалпы суммасы 16 жарым млн. доллар же 678 млн. сомго жакын кирешени мамлекеттен жашырып, жаап койгондугу иликтөөдө анык болгон.

Ошондой эле Ысыката райондук прокуратурасы тарабынан “Канттагы цемент-шифер комбинатынын” мамлекеттик пакет акцияларын Мамлекеттик мүлк кору мыйзамсыз саткандыгы жана анын айланасындагы айрым мыйзамсыз иштер аныкталып, аталган комбинаттын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, “Бител” жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы директору Нурбек Турдукулов жана Айдар Акаев ээлик кылган аталган компанияга байланыштуу иштер Башкы прокуратура тарбынан каралууда.
XS
SM
MD
LG