Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

КМШ өлкөлөрүнүн жетекчилери жолугушат


БИШКЕК. 26-августта Казан шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын жолугушуусу өткөрүлөт. Ага мамлекет башчы Курманбек Бакиев баштаган кыргызстандык делегация катышат. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 22-августта КМШ өлкөлөрүнүн Тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын жыйыны Москва шаарында өткөрүлөт. Ал эми 23-августта КМШ өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болот. Бул жыйындарда мамлекет башчылардын жолугушуусунда карала турган маселер талкууланып, такталат. Өлкө жетекчилердин жыйынында шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо маселеси каралат.

XS
SM
MD
LG