Линктер

жума, 28-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:39

Эгемендүүлүктүн 14-жылдыгы белгиленет


БИШКЕК. 31-августта Кыргызстанда эгемендүүлүктүн 14-жылдыгы белгиленет. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 30-августта Бишкектеги спорт ордосунда театрлаштырылган көрсөтүү болот. Бул күнү мамлекет башчы Курманбек Бакиев кыргыз элин куттуктап сөз сүйлөйт. Ал эми 31-августта Бишкекте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн парады андан соң Бишкектеги мамлекеттик мекемелердин кызматкерлеринин салтанаттуу жүрүшү болот. Майрамдык салтанаттар ар бир облус, район борборлорунда өткөрүлөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG