Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:23

Өлкө боюнча тогуз мектеп жаңы окуу жылына даяр эмес


БИШКЕК. Өлкөдөгү орто мектептерде жыл сайын жүргүзүлүүчү ремонт иштери аяктап, жалпысынан мектептердин токсон тогуз пайызы окуучуларды кабыл алууга даяр. Бул тууралуу Билим берүү министри Досбол Нур уулу «Азаттыктын» кабарчысына билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча 1 миллион 224 миң окуучу бар. Үстүбүздөгү жылы биринчи класска 96 миң окуучу барат. Ал эми өлкө боюнча 2 миң 68 мектеп бар. Ошондой эле Досбол Нур уулу өлкө боюнча тогуз мектептин имараты жаңы окуу жылына даяр эмес экендигин айтып, баш аягы бир жарым миңге жакын мектеп окуучусу жаңы окуу жылын атайын тигилген чатырларда башташаарын кошумчалады.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG