Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:10

ТҮШТҮКТӨ МИҢГЕ ЧУКУЛ ӨЗБЕК АТУУЛДАРЫ ЖАШЫРЫНЫП ЖҮРӨБҮ?


Чолпон Орозобекова, Бишкек Анжиян козголоңунан кийин Кыргызстандын аймагына өтүп калып калган миңге жакын өзбек атуулу учурда жашынып жашап жүргөндүгү тууралуу маалыматтар айтылууда. Ырасмий бийлик буга унчукпай келаткан менен атуулдук коом өкүлдөрү ал бозгундар менен ачык иштеше башташты. Айрым өзбекстандык атуулдар ачыкка чыгып, качкын макамын сурап БУУнун Качкындар комиссариатынын Оштогу кеңсесине кайрылышууда.

Ош шаарында, Карасуу, Өзгөн жана Араван райондорунда анжияндык өзбектер мыйзамсыз жашап жүрөт деген маалыматты алгач укук коргоочулар айтып чыгышкан. Жергиликтүү бейөкмөт уюмдардын айтымында, Кыргызстан аймагына өткөн бойдон кайра артка кайтуудан коркуп жүргөн андай бозгундардын саны миңге чамалап барат.

Президенттин түштүк региондорундагы өкүлү Алмамбет Матубраимов мындай маалыматты укканын айтып, бирок андай адамдарды жолуктура электигин билдирген. Матубраимовдун айтымында, азыр кыргыз-өзбек чекарасы аркылуу канча адам күнүгө өтүп тургандыгын тактап туруу өтө кыйын. Анткени, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы макулдашууларга ылайык, коңшу өлкөнүн чекаралаш жерлеринде жайгашкан 18 айылдын тургундары 5 күндүн ичинде Кыргызстандын аймагында визасыз жүрүүгө укуктуу. «Беш күндөн кийин ким каякка кетти, кайсы үйдө жатканын көзөмөлдөш абдан кыйын» дейт Матубраимов мырза.

Кыргыз бийлиги Ош тергөө абагында кармалып турган 15 бозгундун тагдыры менен алек болуп атканда качкын макамын алгысы келген жаңы адамдар пайда боло баштады. Ошто жайгашкан «Акыйкаттык» уюмунун жетекчиси Изатулла Рахматуллаев «мындай адамдар абдан көп кайрылып атышат, БУУнун Качкындар комиссариатынын кеңсесине буга чейин 50дөй адамды алып келип короосуна киргизип жибергем» дейт:

- Мына азыр Качкындар комиссариатынын кеңсесинде турабыз. Мага кайрылган үч адамды ээрчитип келдим. Алар качкын макамын сурап атышат, азыр тиешелүү анкетаны толтурганга кирип кетишти. Мындай адамдар абдан көп. Өзгөндөн бир адам келди. Үйүндө өзбекстандык 17 адам жашап атыптыр. Ошолордун тагдырын чечкенге жардам бериңиз дейт. БУУнун Качкындар комиссариатына баргыла деп айттым.

Качкындар комиссариатынын кеңсесинде тиешелүү документтерди толтуруш үчүн кезекте турган жеринен бул жигитке телефон аркылуу кайрылдык. Ал Анжиянда жашоо кооптуу болуп калгандыктан эки күн мурда Карасууга өтүп келгенин айтат:

- Мен ал жакта калышым коркунучтуу болгондуктан бул жакка келүүгө мажбур болдум. Анжиян козголоңу учурнда акимчиликтин имаратынын ичинде болчумун. Менин атымды айтпагыла. Менин тууган-туушкандарыма залалы тийип калышы ыктмал. Азырынча издөө жарыялангандардын тизмесинде жокмун, бирок жакын арада болуп калам го деп ойлойм,

Атуулдук коом өкүлдөрү Сузакта кармалып туруп, үчүнчү өлкөлөргө жөнөтүлгөндөн башка да бозгундар бар экенин айтып келишкен. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» уюмунун лидери Төлөйкан Исмаилованын айтымында, аларга да жашынып жүргөн бозгундар жардам сурап кайрылып атышат. Эмки аптада Ошко дал ушул адамдардын жашоо- турмушун иликтеп, аларга жолугуш үчүн барабыз дейт Төлөйкан айым:

- Алар макам алыш үчүн өздөрү арыз жазыш керек. Бирок алар коркуп атышат. Өзбекстандын атайын кызматтары кармап кетеби же тууган-туушкандарыма залакам тийип калабы деп чочулап атышат.

Ошентип Кыргызстан Ош тергөө абагындагы бозгундардын тагдырын чечүү менен качкын маселесинен биртоло кутулбайт экен. Так эмес маалыматтар боюнча, саны миңге чукул деген өзбекстандык атуулдар учурда өз маселесин көтөрө башташты.

XS
SM
MD
LG