Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:45

Жаштар кыймылдары биригүүдө


БИШКЕК. Март айындагыи ыңкылаптын алдында түзүлгөн Кыргызстандагы жаштардын «Бирге» кыймылы Украинанын «Пора», Казакстандын «Кахар» уюмдары менен бирге эл аралык демократиялык түйүн түзүүнү чечишти. Бул тууралуу аталган кыймылдын жетекчиси Тимур Шайхутдинов «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, украиналык, казакстандык жана кыргызстандык бир максатты көздөгөн жаштар мамлекеттик бийликтен көз карандысыз жарандык коомдун өнүгүүсү үчүн биргелешип күрөш жүргүзүшмөкчү. Түйүн жалаң саясий долбоорлор менен гана иш алып барбастан, социалдык багыттагы долбоорлордун үстүндө да иш жургүзөт. Булардын алгачкы биргелешип баштаган акциясы—жетим жана майып балдар үчүн каражат жыйноо. Ошондой эле эл аралык демократиялык түйүндүн алдына баш кошкон жаш активисттер адам укугун коргоочу демократиялык кыймылдарды да биригүүгө чакырышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG