Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:52

Президенттик шайлоо өтүп, Курманбек Бакиев президенттик антын бергенден кийин өлкөдөгү башкы саясий маселе премьер министрди жана өкмөттүн курамын бекитүү болууда. Мыйзам боюнча бул маселе парламенттин уруксаты менен ишке ашышы керек. Ошондуктан, парламент жайкы эс алуудан соң, 1-сентябрда ишин ушул маселеден баштайт.

Президент Курманбек Бакиев ант бергенден кийин чыгарган жардыгына ылайык март окуясынан улам түзүлгөн убактылуу өкмөт ишин парламент жаңы өкмөт курамын бекиткенге чейин улантат. Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин айтымында, премьер-министрдин талапкердигин депутаттар ишке кирген алгачкы күнү, 1-сентябрда эле караганы жатат:

- Конституциябызда жазылгандай, президент өз кызматына киришкенден кийин эки жуманын ичинде премьер-министрдин талапкердигин парламентке киргизгенге милдеттүү. Президент 14-августта кызматка киришти, демек, 28-августка чейин бул маселени президент чечиш керек дагы, талапкердигин көрсөтүш керек. Ошол эле Конституцияда Жогорку Кеңеш бир жуманын ичинде ошол талапкерди карап, чечим чыгарышы керектиги жазылган.

Коомдук-саясий чөйрөдө айтылган божомолдорго караганда, өкмөт башчыга байланыштуу өзгөчө кан кызытаар талаш-тартыш болбойт. Курманбек Бакиев ант алары менен Феликс Куловду премьер-министрдин милдетин аткаруучу кылып дайындашы, ошол эле учурда парламентте Куловдун талапкердигин колдоочу саясий күч кубаттуу экендиги менен негизделүүдө. Ошондуктан, саясатчылар, расмий жетекчилер өздөрү деле премьер-министрди бекитүү парламент үчүн бир күндүн иши деп эсептешүүдө.

Байкоочулардын баамында, негизги талаш өкмөттүн курамына байланыштуу жаралышы мүмкүн. Анткени, буга чейин парламент убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ишин кескин сынга алып келген. Буга байланыштуу ондогон токтомдор кабыл алынган. Ошол эле учурда ыңкылаптан кийин убактылуу өкмөткө келген жетекчилер менен президент ишин улантуу ниети бары саясатчылар арасында арбын айтылып келатат. Мындай жагдай парламент менен өкмөт ортосундагы пикир келишпестикти жаратып, өкмөттүн курамын бекитүү создугуп кетиши ыктымал.

Парламентти кескин сынга алып келаткан саясатчылардын бири, «Эркиндик» саясий партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиевдин оюнда:

- Бакиев сунуш кылган өкмөттүн жаңы курамын бекитүү үчүн көпчүлүк колдоп берсе бир жөн. А эгерде көпчүлүгү колдобой чыга турган болсо, анда Жогорку Кеңеш менен Бакиев, аткаруу бийлигинин жаңы башчыларынын арасында сөзсүз кагышуу болот.

Мунун жөнүн Топчубек Тургуналиев парламентте Аскар Акаев баштаган мурдагы бийликтин жактоочуларынын арбын болгондугу менен түшүндүрөт. Ал эми айрым депутаттар мурдагы-кийинки бийликтин тирешүүлөрүн эске албаганда да, өкмөт курамын түзүү партиялык, регионалдык, улуттук кызыкчылыктар менен байланышкан, өтө кылдат карап, чече турган татаал маселе деп эсептеп жатышат.

Алардын бири, депутат Тайырбек Сарпашев принциптерин алмаштыргандарды жактабайм дейт:

- Кечээ эле рынок маселесине каршы туруп, бүгүн кайра тонун тетири кийип алгандарга көбүрөөк каршы болушум мүмкүн, эгерде принциптерин алмаштырган болсо. А бирок парламентке каяша айтып койгон адамдарды (парламент анын деңгээлине түшпөстөн) кесипкөйлүгүн, ишмердигин, тажрыйбасын эске алып, бекитишибиз керек.

Сарпашевдин айтымында, азыр өкмөт мүчөлөрүн парламенттен тизме аркылуу өткөрүү аракеттери жасалып жатат жана мындай демилгелер колдоого алынары күмөн.

Бул аралыкта кыргыз өкмөтү өкмөттүн структурасын, жаңы курамын түзүп, парламентке сунуштоо менен алектенип жатат. Президенттин өкүлүнүн билдиргенине караганда, Курманбек Бакиев аталган маселелер боюнча өз сунушун 25-26-августта парламентке сунуштамакчы.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG