Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:49

ЭЛЕТТЕ БАЙЛАНЫШ МАСЕЛЕСИ КУРЧ


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстанда бүгүнкү күндө айылдардын көпчүлүгүндө телефон түйүндөрү жок жана маалымат каражаттары менен камсыздалышы начар. Учурда элет калкын байланыш кызматы жана маалымдоо каражаттары менен камсыздоонун жаңы ыкмалары жолго койулууда.

Учурда Кыргызстанда элет жериндеги телекоммуникациялык кызматты өнүктүрүү шаарларга салыштырмалуу кыйла артта калгандыгы белгилүү. Бүгүнкү күндө айыл жеринде Интернет байланышы өтө чектелүү, айылдардын көбүндө телефон байлынышы начар иштейт же болбосо таптакыр эле жок. Элет жерин маалымат каражаттары менен камсыз кылуу иштери да тиешелүү деңгээлде жолго коюлган эмес.

Белгилүү болгондой, мурдагы Советтер Бирлиги тушунда байланыш министрлиги айлдарды телефондоштурууга чоң өлчөмдөгү каражаттарды бөлүп келген. Бирок СССРдин ыдырашы менен айыл жериндеги байланыш түйүндөрүн өнүктүрүү маселелерине дээрлик көңүл бурулбай калды. Атүгүл кээ бир айылдарда ошол учурда курулган телефон станциялары да иштен чыгып калган учурлар көп кездешет.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматтары боюнча, бүгүнкү күндө айыл жерин телефондоштурууга 205 млн. 300 миң сом каражат талап кылынат.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулдовдун пикиринде, базар экономикасынын шартында айыл жерин маалыматташтыруу боюнча жаңы ыкмаларды да пайдалануу керек:

- Маселени чечүүнүн башка жолдорун да табуу керек. Мисалы, азыр байланыш боюнча универсалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорду түзүү системасы сунушталууда. Азырынча мындай борборлор өлкө боюнча 40 айылда ачылды. Аларда айыл тургундары телефон, интернет байлыныштарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алышат. Мындай борборлор айылдарда көбүрөөк ачылышы керек. Анткени, айыл тургуну маалыматтан четте калган. Өлкөдө эмне болуп жаткандыгын билбейт.

Айылдарда мындай универсалдык кызмат көрсөтүү борборлорун түзүүгө айрым эл аралык каржы уюмдары, алардын ичинде «Маалыматтуу келечек», «Айрекс», «Сорос-Кыргызстан» уюмдары каржылык колдоо көрсөтүшүүдө.

Айылдар жана шаарлар ассоциациясынан алынган маалыматтар боюнча, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы 1847 айылдын ичинен 500дөн ашуунунда телефон байланышы такыр эле жок.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ассоциациясынын жетекчиси Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, соңку жылдары өкмөт тарабынан айыл жерин маалымдаштыруу жана телефондоштуруу багытында тиешелүү көңүл бурулбай келет. Бирок бул багытта бейөкмөт уюмдар тарабынан алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө:

- Тилекке каршы азыр мамлекет тарабынан байланыш түйүндөрүн ачуу, маалымат каржаттары менен камсыз кылуу маселелерине жакшы көңүл бурулбай келет. Азыр бир катар бейөкмөт уюмдар гранттардын негизинде айрым айылдарда байланыш түйүндөрүн, интернет байланыштарын ачышууда.

Ал эми «Кыргызтелеком» акционердик коомунун пландарына ылайык, 2004-2005-жылдары туризмди өнүктүрүүгө шарттар бар жана калкы 1500 адамдан ашуун айылдарда байланыш түйүндөрүн ачуу, 2006 жана андан кийинки жылдары болсо калган айылдарда байланыш түйүндөрүн, универсалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорду куруу иштери каралган.

«Кыргызтелеком» тарабынан 2005-жылдын биринчи жарымында кыргыз телекөрсөтүү жана радиоуктуруулары менен айылдарды камсыз кылуу боюнча натыйжалуу иштер жүргүзүлдү. Буга байлыныштуу транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков мындай дейт:

- Натыйжада бүгүнкү күндө 185 айыл Улуттук телекөрсөтүү жана радиоуктуруу берүүлөрүн көрүп, угууга мүмкүнчулүк алышты. Бул иштерге «Кыргызтелекомдун» эсебинен 650 миңге жакын АКШ доллары сарпталды. Спутник байланышы менен камсыз кылуу боюнча кийинки долбоордо Кыргызстандын бардык айылдарын камтылышы каралган. Бирок ага дагы 100 миң АКШ доллары талап кылынат .

Кадырбековдун айтымында, бүгүнкү күндө телефон байланышы менен камсыз кылуу маселеси да курч:

- Бугүнкү күндө 527 айылда байланыш түйүндөрү таптакыр жок. Ал эми телефон байланыштары жок айыл жерин телефондоштурууга орто эсеп менен 200 миллиондон ашуун сом керек. Андай каражат болсо жок.

Корутундулап айтканда, айыл жерин, тоолуу райондорду экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүүнүн шарттарынын бири - аларда заманбап телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүү.

XS
SM
MD
LG