Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:34

ГАЗАДА АКЫРКЫ ЖӨӨТ КОНУШТАРЫ БОШОТУЛУУДА


Төрөкул Дооров, Прага Израилдин аскерий күчтөрү Газа тилкесинде калып жаткан эки жөөт конушуна киришти. Алардын максаты – конуштардагы адамдарды башка жерлерге жылдыруу. Бул - Израилдин премьер-министри Ариэл Шарондун планы соңуна чыгып баратканынын далили.

Жекшембиде Астмона конушунуна кирип барактан миңден ашуун куралсыз аскерлер менен полиция кызматкерлерин тургундар “Жөөттөр жөөттөрдү кубалайт” деген кыйкырыктар менен тосуп алышты. Бул жерде 60 үй-бүлө жана 200дөй жөөт экстремисттеринин тобу жашынып турат деген кабар таркалган.

Кооптонуулар да бекеринен болгон эмес. Анткени жекшембиде Катиф конушуна кире бериште эвакуацияга каршы болгондор тосмолорду куруп, аларды күйгүзүп жатышкан.

Израил аскерлери алоолонуп жанып жаткан тосмолорду бульдозерлер менен түртүп, айылды жылдыруу иштерин ишембидеги дем алыштан кийин кайра башташты.

Аскерлердин айтымында, конушта аз эле сандагы тургун калып жатат. Алардын маалыматына ылайык, өтүп бараткан апта ичи Иордандын батыш жээгиндеги конуштардан жылдыруу иштерине караманча каршы адамдардын тобу келип, азыр демонстрацияларды уюштуруп жатышат.

Девид Свайсс – Израил армиясынын Катиф айылындагы эвакуация ишине жооптуу полковниги. Ал “Биздин аскерлер Катифден адамдарды чыгаруу ишин мүмкүн болушунча этияттык менен өткөрөт” – деп, ишендирди.

Тургундар синагогдо соңку ибадат жөрөлгөсүн өткөрүп, өткөн жылы палестиндердин колунан аялы жана төрт кызы мерт болгон кишинин үйүндө сыйынуу чарасын өткөрүштү. Ошондон кийин гана аскерлер кыштакка киришти. Айрым тургундардын жаш балдары аскерлерге кыйкырып, аларды сөгүп, маскаралап жатышты.

Катиф менен Астмона конуштары Газа тилкесиндеги бошотула турган 21 жөөт айылдын ичине кирет. Израилдин аскерий күчтөрү жекшембиде азырга чейин жабылып, өзүнө киргизбей жаткан Елей Синай конушун да тазалашы керек. Эгер мунун баары аткарылса, дүйшөмбү күнгө бул аймактан жалгыз гана Нетразим деген кыштак калмак.

Ал эми ушул тапта толугу менен тургундары башка жерге жылдырылган Ганей Тал деген конуштун жашоочуларына жекшембиде кайра үйлөрүнө келип, мүлктөрүн жыйнап, ташып кетүүгө уруксат берилди.

Анын аралыгында, Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин өкүлү Девид Велч палестин лидери Махмуд Аббас менен жолугушуп, Газа тилкесинин бошотулушу Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянына жакындашууга канчалык таасир тийгизээри тууралуу сүйлөштү.

- Америка Кошмо Штаттары Израилдин Газадан кетиши израилдиктерге да, палестиндиктерге да жакшы келечекти бере ала турган жолго өтүүдө тынчтык жараянынын бекемделишине дем берет деп эсептейм. Бирок албетте, бул оор эмоционалдык жана терең санаалардын мезгили, - деди Кошмо Штаттардын Мамдепартаментинин өкүлү Девид Велч.

Палестин лидери Махмуд Аббас жолугушуудан кийин, Вашингтон Палестинага Газа тилкесинде суу иштетүү боюнча долбоорлор үчүн кошумча 30 млн.доллар бере тургандыгын кабарлады. Анын айтымында, буга чейин АКШ президенти Жорж Буш Палестинага адамдарды жумушка орноштуруп, аймакка отурукташуу иштерин өткөрүү үчүн 50 млн.доллар берүүгө убада кылган. Ошентип, АКШ Палестинага жалпысынан 80 млн.долларлык жардам бериши күтүлүүдө.
XS
SM
MD
LG