Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Ооганстанда абал курчуй баштады


Бүгүн Ооганстандын Забул вилоятынын түштүгүндө жардыруудан төрт америкалык аскер өлгөнү белгилүү болду. Дагы үч адам жаракат алган. Ал эми Кандагар чөлкөмүндө бийликтин аракеттерин жактаган белгилүү диний ишмерди өлтүрүп кетишти. Ал динаятчыны талибдер өлтүрүшкөнүн жарыя кылышты. Кабулда болсо АКШ элчилигинин эки кызматкери жардыруудан жаракат алышты. Жардыргыч зат элчиликтин машинелери жолдо баратканда ишке кирген.

XS
SM
MD
LG