Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:10

Газада калган акыркы жөөт конуштарынын тургундары башка жерге көчүрүлүп жатышат


Бүгүн эрте менен Израил аскерлери Газа тилкесиндеги конуштардагыларды башка жерге жылдыруу ниетинде Катиф деген конушка киришти. Бирок конуштун тургундары эвакуацияга катуу каршылык көрсөтүп, тосмолорду курушкан эле. Тосмолор күйүп жаткан. Бүгүн Газадагы үч конуштан адамдарды чыгарып кетүү пландаштырылган, анткени дүйшөмбүдө жылдыруу иштери бул аймакта аякташы керек. Атайын кошуундар адамдардан бошотулган конуштарга кирип, үйлөрдү бузуп жатышат. Ал эми шейшембиден тарта Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги калган эки конуштан да адамдар чыгарылат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG