Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

НИКОЛАЙ ТАНАЕВ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИП, СУРАК БЕРЕ БАШТАДЫ


22-августта мурунку өкмөт башчы Николай Танаев Башкы прокуратурага өз ыктыяры менен келип, тергөөчүнүн сурагына жооп бере баштады. Башкы прокуратура Н. Танаевди жашаган жеринен сыртка чыкпоого тилкат берип, камактан бошотуу тууралуу парламент депутаттарынын өтүнүчүнө негизденип аны камакка алган жок.

Мурдагы өкмөт башчыга коюлган айыптардын негиздүүсү кызматынан кыянат пайдалануу, бийликте турган кезинде өзүнүн уулу жетектеген курулуш компаниясына административдик-маданий комплекс курулушуна деп, мекеме-ишканалардан акча котортуу болууда.

Башкы прокуратура сыртынан айып коюлган шектүү адамдарды ушул жылдын 1-августуна чейин өз ыктыяры менен келип, тергөө алдында көрсөтмө берүүгө макул болгондордун баш коргоо чарасын өзгөртүүгө убада кылган. Ага ишенип мурда издөөдө жүргөн 20га жакын адамдар Башкы прокуратурага келип, ушу тапта тергөө ишине көмөк көрсөтүшүүдө.

Башкы прокуратуранын уюштуруу жана тышкы байланыштар башкармалыгынын жетекчиси Сумар Насизанын ырасташынча, экс-премъер-министрге Социалдык фонд тарабынан Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин Ишке жайгаштыруу департаментине которулган 3 миллион бюджеттик сом боюнча айып коюлууда.

- Бүгүн ал келип Башкы прокурор менен узакка аңгемелешти. Андан соң прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн сурагында болду. Ага коюлуп аткан айыптарда анын күнөөсү бары-жогу иш жүзүндө аныкталат. Тергөө калыс, объективдүү жүргүзүлөт. Танаев мырза айыптуу болсо ишти аягына чыгарып, сотко өткөрүп беребиз. Анын айыптуу-айыптуу эместигин сот гана аныктайт.

Сумар Насиза Н. Танаевге Социалдык фонддон которулган 3 миллион сомдон тышкары экс-преиздентке тиешелүү китепкана курулушуна акча котортууну, «Мээрим» фондуна байланышкан каржылык маселелерди айып катары коюуда. Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Э. Абдылдаев тарабынан которулган 200 миң доллар акчанын дарек-дайнын тергөөчүлөр экс-премъер-министрден сураганы турушат. Оңор эмес ал акча айтылуу «Мээрим» фондунун эсебине түшүп кеткени кийин аныкталган.

Н. Танаев биртоп кылмыш иштери боюнча сурала тургандыгын Башкы прокуратура өкүлү маалым кылды.

Н.Танаевдин адвокаты Максим Максимович узак убакыт учакта болуп алыс жол баскан экс-премьер-министр ушу тапта өзүн начар сезип жатканын билдирди:

- Бир жарым сутка а киши уктаган жок. Узак жол жүрдү. Жашы да өйдөлөп калган. Сурак болсо 2 сааттан ашуун созулду. Ишке байланыштуу суроо-жооп болду. Сурактан кийин тергөөчүлөрдө эч кандай суроо деле калган жок.

Николай Танаевдин суракка алынышы мыйзамченемдүү нерсе болчу. Анткени ал «Кумтөр» алтын кенинен Кыргызстан пайда табар кезинде канадалыктарга сатып жибергендердин башында турган, дейт экс депутат, «Акулак» акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев.

- Бул кишини кыргыз элин саткан адам катары эсептейм. Анткен себеби бул «Кумтөр» - кыргыз элинин эң чоң байлыгы. Бүгүнкү эле күндөгү эмес, келечек муундардын да байлыгы. «Центерра» менен келишимди айтып жатам. Бул келишимди түзгөндө айтканбыз. Мына Жогорку Кеңештин депутаттары 5 жолу карадык. Эки жолу парламенттик угууда, 3 жолу сессияда карадык.

23-августта Н.Танаев журналисттерди чогултуп маалымат жыйынын өткөрө турганы кабарланууда. Башкы прокуратуранын сурагынан чыккандан кийин өз ыктыяры менен келген мурда издөөдө жүргөндөрдүн көбү маалымат жыйынын чакырып, иштин чоо-жайын түшүндүрүү салты жакындан бери жайылып келатат.

XS
SM
MD
LG