Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Аба ырайы


БИШКЕК. Гидрометеорология борборунан алынган маалыматка караганда, 23-августта Кыргызстандын аймагы боюнча мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түндүк-батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен шамал жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12...+17, күндүз +20...+25 градус жылуу. Талас дубанында түнкүсүн +9...+14, күндүз +19...+24 градус. Республиканын Жалалабат, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн +16...+21, күндүз +22...+27 градус жылуу болот.
Ал эми Ысыккөл аймагы боюнча түнкүсүн +9...+14 градус жылуу, күндүз +18...+23 градус.
Нарында түнкүсүн +6...+11, күндүз +20...+25 градус.

Бишкек шаарында маал-маалы менен жамгыр жаашы күтүлөт. Батыш тараптан салкын жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +14...+16, күндүз +21...+23 градус.


Кабарлар топтомун Бакыт Аманбаев, Чолпон Орозобекова жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG