Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:59

Баш прокурор президентке кайрылды


БИШКЕК. Башкы прокурор Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдоду. Анда президенттин жана парламенттин алдында зор милдет - өкмөттүн курамына эл үчүн жан үрөп иштеген, өз ишин мыкты билген абийирдүү таза инсандарды алып келүү милдети тураары белгиленет. “Акаевдин бийлигинин тушунда сайран куруп, өз кызыкчылыгын мамлекеттикинен жогору коюп, өлкөдө коррупциянын гүлдөп өсүшүнө көз жумган ыплас адамдардын ар кандай жолдор менен кайра өкмөттүн курамына кирүүсүнө каршы туруш керек” дейт Азимбек Бекназаров. Ал Аскар Акаевдин тушунда иштеген адамдардан колу таза, билимдүү жаңы кадрларга кезекти берүүнү суранат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG