Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

Топчубек Тургуналиев өзүн камаган атка минерлерди сотко берүүдө


БИШКЕК. «Эркиндик» партиясынын башчысы Топчубек Тургуналиев Кылмыш кодексинин 322-беренесине ылайык, ага каршы мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп, мыйзамсыз чечим чыгарган тергөөчү, прокурор жана судьяларды жоопко тартуу боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп, Башкы прокуратурага ушул аптада кайрылат. Ошондой эле Топчубек Тургуналиев өзүнүн түрмөдө отургандыгы үчүн моралдык жана материалдык чыгым өндүртүп алуу үчүн ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызмат башчысы Мисир Ашыркулов жана Башкы прокурор Асанбек Шаршеналиевди сотко берет. Бул тууралуу Топчубек Тургуналиев «Азаттыктын» кабарчысына 22-августта билдирди.

Топчубек Тургуналиев Аскар Акаевдин мезгилинде 28 жылга соттолуп, түрмөдө 1184-күн отуруп чыккан. Март ыңкылабынан кийин Кыргызстандын Жогорку соту Топчубек Тургуналиев убагында негизсиз соттолгон деп таап, толук актаган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG