Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:17

“Ак пахта” заводу мамлекетке кайтарылат


БИШКЕК. Жалалабаттагы “Ак пахта” заводун 16-августта 300гө чукул жумушчулары басып алып, кайра үч күндөн кийин бошотушкан. “Кыргызпахтасы” акционердик коомунун мурдагы жетекчиси Марат Калмурзаев “Азаттыкка” бул заводдун жасалма банкрот жарыяланышына экс-президенттин баласы Айдар Акаевдин тиешеси бар экенин, анын кийлигишүүсү менен завод мыйзамсыз банкрот деп жарыяланганын жана аны кайра сатуудан кызыкдар тараптар киреше көргөнүн билдирди. Завод боюнча буга чейин болгон алып-сатуу келишимдерин жокко чыгаруу жөнүндө арызды Жалалабаттагы район аралык экономикалык сот 9-августта канааттандырган. Марат Калмурзаев билдиргенге караганда, экинчи тарап апелляциялык арыз жазбаса соттун чечими 1 айдан кийин күчүнө кирет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG