Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

ОН БЕШ БОЗГУНДУН ТАГДЫРЫ ДАЛЕ БЕЛГИСИЗ


Азиза Турдуева, Бишкек Учурда Башкы прокуратура тарабынан Кыргызстандагы 15 качкынга байланыштуу маселе иликтенүүдө. Ал эми бейөкмөт, укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү “кылмышкер” деп шектелип жаткан өзбек бозгундарын токтоосуз түрдө үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп берүү зарылдыгын айтышууда.

Август айынын башында Европанын үч өлкөсү- Нидерланды, Финляндия жана Швеция Кыргызстандагы 15 өзбек бозгунун кабыл алуу ниетин расмий билдирген ноталарын өлкөнүн тышкы иштер министрлигине жолдошкон. Кыргызстандагы бейөкмөт жана укук коргоо уюмдары өзбек качкындары тез арада үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилиши керек деген пикирлерин билдиришүүдө. Маселен, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» бейөкмөт уюмдар Коалициясынын төрагасы Эдил Байсалов мындай дейт:

- Менин оюмча, 15 качкынга байланыштуу маселе өтө эле создугуп кетти. Мындан ары созулушу мүмкүн эмес. Качкындар бүгүнбү, эртеңби үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилиши керек. Бул маселе ушул аптанын аягына чейин сөссүз чечилиши керек.

Эдил Байсаловдун пикирин улай, «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова буларга токтолду:

- 28-июлда Румынияга 28 качкын кеткенде эле алар менен кошо бул 15 качкын да биздин өлкөдөн чыгарылып кетиши керек эле. Бирок Баш прокуратуранын талабы боюнча алар калтырылды. Эми аларды кармабай, тез арада үчүнчү өлкөлөргө өткөрүп берүү керек. Кыргызстан эл аралык милдеттенмелерин аткарууга тийиш.

Ал эми «Адилет» укук коргоо уюмунун өкүлү Хурниса Махадинова кыйноолорду пайдалангандыгы тууралуу маалымат болсо, ошол өлкөгө кылмыш ишин жасаган деп күнөөлөнүп жаткан бозгундар да берилбеши керектиги тууралуу белгилейт:

- Эл аралык стандарттарга ылайык, эгерде качкындарды өткөрүп алууну өтүнүп жаткан мамлекет аймагында кыйноолорду колдонгондугу тууралуу маалыматтар болсо, биз качкындарды ошол өлкөнүн атуулу болгондугуна, кылмыш иштерин жасагандыгында күнөө коюлуп жаткандыгына карабастан, өткөруп берүүгө укугубуз жок. Ал эми Өзбекстанда кыйноолор пайдалангандыгы тууралуу маалымат бар.

Өлкөнүн коопсуздук кеңешинин катчысы Мирослав Ниязовдун көз карашында да Оштогу сизодо кармалып турган 15 качкын үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек:

- Менин пикиримде, 15 качкын үчүнчү өлкөгө өткөрүлүп берилиши керек. Аларды кабыл алабыз деген өлкөлөр бар. Азыр Башкы прокуратура бул маселе боюнча иштеп жатат. Кыргызстан качкындарга байланыштуу эл аралык келишимдерге ылайык, бул маселе боюнча чечимин кабыл алышы керек. Бул маселе оңой маселе эмес, анткени, Кыргызстан мындай маселеге биринчи жолу туш келип отурат.

Ушул күндөрү Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча комиссарлыгынын эки өкүлү Оштогу сизодо 15 качкынга байланыштуу материалдар менен таанышууну улантышууда. Буга байланыштуу тышкы иштер министрлигинин миграция департаментинин түштүк аймагы боюнча өкүлү Бектур Аданов төмөнкүлөрдү билдирди:

- Азыр БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын эки өкүлү Оштогу сизодо отурган 15 өзбек атуулу менен жолугушуп, аларга байланыштуу материалдар менен таанышып жатышат. Алар Башкы прокуратурадан жана Өзбекстандан кошумча материалдарды сурашкан. Эксперттердин башкы максаты - ошол 15 атуулдун Анжиян окуяларына тиешеси бар-жоктугун, алар тарабынан кылмыш иши жасалган-жасалбаганын иликтеп чыгуу. Алар качкындарды үчүнчү өлкөлөргө алып чыгып кетүүнү көздөшүүдө. Иштин жыйынтыгын тууралуу биз кийинчерээк маалымдайбыз.

Ал эми Баш прокурор Азимбек Бекназаров 22-августта «Азаттыкка» билдиргендей, кайсы бир өлкөлөрдүн өкмөттөрү Кыргызстандагы 15 өзбек бозгунун алууга даяр экендигин расмий билдирсе, алар үчүнчү өлкөлөргө өткөрүлүп берилет. Баш прокурордун айтымында, Норвегия, Швеция жана Финляндиянын өкмөттөрү азырынча өзбек бозгундарын чыгарып кетүүгө даяр экендиги тууралуу билдирише элек.

XS
SM
MD
LG