Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

ИЗРАИЛ ӨЗ АТУУЛДАРЫН КҮЧТӨП КӨЧҮРҮҮНҮ УЛАНТУУДА


Бүбүкан Досалиева, Прага шаары Израилдин аскерлери Газа тилкесиндеги өз атуулдарын күч менен көчүрүүнү улантып, жекшембиде Ниссанит, Дугит, Пеат-Садех жана Ганеи-Таль деген төрт айылдагы үйлөрдү бульдозер менен түрттүрүп салды. Мындай аракет Палестинанын бийлигинин макулдугу менен жасалды. Анткени, ал жерге палестиндер үчүн көп кабаттуу үйлөр курулат деп жатышат.

Израилдин аскерлери жекшемби күнү көчүүгө катуу каршы болуп жаткан эки айылга да барышты. Алардын бири - Астмона деген айылга барган бир миңге чукул жоокерди тургундар “Еврейлер еврейлерди көчүрө албайт” деген сөздөр менен кыйкырып тосуп алышты.

Бул айылдагы 60тан ашык үй-бүлөнүн 200гө чукул мүчөсү айылга кире бериш жолду тосуп, буюм-тайымдарды өрттөшүп, аскерлерди киргизбөөгө аракет кылышты. Ушундай эле көрүнүш Гуш Катиф деген айылда да болду. Бул айылдын тургундары да аскерлерге кол тийгизген учурлар байкалды. Бирок бульдозер менен барган аскерлер тургундарга түшүнүүчүлүк менен мамиле кылып, түшүндүрүү жолу менен көчүрүүгө аракет кылып жатышат. Маселен, Катиф айылын көчүрүүгө жооптуу аскердин башчысы лейтенант Давид Свисса жоокерлер атуулдар кандай абалга туш болгондугун жакшы түшүнүп, мүмкүн болушунча жумшак болууга тырышып жатат дейт.

Ушундан улам жоокерлер жекшемби күнү каршылык көрсөтүп жаткан атуулдар синагогадагы сыйынуусун аяктап, анан өткөн жылдын май айында аялы менен төрт кызы палестиндердин колунан каза болгон адамдын үйүнө барып, коштошуу ырым-жырымын жасаганча күтүп турушту. Ал эми жоокерлерди айлана чуркаган балдар аларды шылдыңдап, мазактап кыйкырып жатышты.

Израилдин аскери Газа тилкесинин батышындагы Ганел Тай деген айылдагыларды да көчүрө баштады. Азырынча көчө элек Нецразим деген айыл калды. Анын тургундарын жоокерлер бүгүн көчүрө баштайт.

Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Девид Уэлч Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен жолугушуп, бошотулган аймакты калыбына келтирүү жолдорун талкуулады. Андан кийин ал буларды билдирди:

-Израилдиктердин Газа тилкесинен кетиши бул региондо коопсуздукту жана израилдиктер менен палестиндердин бейпилдигин камсыз кылууга шарт түзөт.

Махмуд Аббастын айтымында, Вашингтон Газа тилкесин суу менен камсыз кылуу долбооруна кошумча иретинде 30 миллион доллар берген жатат. Ал эми АКШ президенти Жорж Буш ага чейин аймактагы абалды жакшыртуу үчүн 50 миллион доллар берүүгө убада берген болчу.
XS
SM
MD
LG