Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:02

БАШКЫ ПРОКУРОР АКАЕВЧИЛ КАДРЛАРДЫН ӨКМӨТКӨ КЕЛИШИНЕ КАРШЫ


Кыргызстандын Башкы прокурору расмий адамдар аралашкандыгынан шектелген чуулгандуу иштер боюнча Жогорку Кеңешке сентябрь ичинде маалымат бериши күтүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев менен Башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун жолугушуусунда маалымдалды. Бул жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын алкагында кадр маселесинин оош-кыйыштарына да токтолушту.

Башкы прокурор Азимбек Бекназаров мындан бир күн мурун президент Курманбек Бакиевге жана Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдоп, анда өкмөттүн жаңы курамына экс-президент Аскар Акаевдин коррупциячыл кадрларын киргизбөөгө чакырган.

Бекназаровдун айтымында, анын мындай кайрылуу менен чыгышынын себеби жакынкы болочоктогу кадр саясатына байланыштуу.

Жоромолдорго караганда, азыркы өкмөт курамын түзүүдө министрликтерге, агенттиктерге, тармактарга жетекчиликке, орун басарлыкка жана башка кызматтарга мурдагы бийликтин тушунда коррупцияны калкалап келгендердин кыйласынын талапкердиги кайрадан коюлуп жатат, дейт Бекназаров мырза:

- Ошондуктан, мен бүгүн коррупция менен күрөшүп жаткан мамлекеттик бир органдын жетекчиси катары алдын-ала айтып, (алиги болжолдуу талапкерлер) ушул доо иштер менен байланыштуу эскерилип жатат, мындай кырдаалдарды карап көргүлө деген сунушумду берип атам. Эртең кеч болуп калбасын деп жатам.

Башкы прокурор кылмышкер катары шек туудурган мындай адамдар кимдер экендиги жана аларга байланыштуу кандай аракеттер көрүлүп жаткандыгы тууралуу ачыктаган жок. Бирок кокус өкмөт курамына мындай адамдар кире турган болсо, алардын ысымдарын коомчулук үчүн ачыктоого аргасыз болорун билдирди.

Мындай демилгени парламент спикери Өмүрбек Текебаев да колдоду. Анын айтымында, өкмөттүн курамына көрсөтүлгөн шектүү талапкерлер депутаттар тарабынан тыкыр кароодон өтөт:

- Өкмөт мүчөлөрүнүн талапкердигин караганда, сөзсүз түрдө Башкы прокурорду комитеттерге жана парламенттин жыйынына чакырып, ошол каралып жаткан талапкерлердин тигил же бул (кылмыштык) иш менен байланышы жокпу деп, кылмыш кодексинин призмасы аркылуу карайбыз.

Өкмөт түзүүдө акаевчил, коррупциячыл кадрлардын жаңы бийликке тартылышын колдобой тургандыгын ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты, Мамлекеттик түзүлүш жана мыйзамдуулук комитетинин төрагасы, депутат Камбаралы Конгантиев да билдирди. Анын айтымында, кечээки акаевчилер азыр деле бийлик башында жүрүшөт:

- Он беш жыл Акаевдин тегерегинде жүргөндөр азыр да бийликте отурат.

Айрым талдоочулар кадрларды кылдат тандоо азыркы учурдун талабы, бирок Акаевдин тушундагы кадрлардын баарын эле каралай берүү туура эмес дешет. Маселен, саясат таануучу Карыбек Байбосуновдун пикиринде:

- Бирок мен ойлобойм, Акаевдин кадрларынын баары эле ичи бузук, анан бүт эле, баары тең эле саясатташып кеткен адамдар деп. Ошолордун арасынан эми азыр Феликс Кулов абдан кылдат тандап алышы керек. Себеби, Акаевдин тушунда иштеп жүргөн адамдардын арасында деле иштей турган адамдар көп.

Байбосуновдун оюнда, мурдагы бийлик коррупцияга кеңири жол ачканы белгилүү, бирок бул азыркы бийлик коррупциядан таза экендигин кепилдей албайт. Мындай жагдайда азыркы бийликке тууганчылык, регионалдык кызыкчылык, мурдагы бийликке жан тартуучулук өңдүү кызыкчылыктарга каршы туруу кыйын болот:

- Менин оюмча, бүгүнкү бийлик азырынча андай деңгээлге жете элек. Себеби, уюштуруу жагынан, көп жагынан аксап атышат. Бул бийлик көп иштеши керек, кадрды профессионалдык деңгээлде тандоо ишин жасашы керек.

Башкы прокурордун жолдогон кайрылуусуна мамлекет башчы өзүнүн тикелей пикирин билдире элек. Бирок Курманбек Бакиевдин 23-августта журналисттердин суроолоруна берген жообуна караганда, азыркы өкмөт коррупцияга аралашкан адамдар менен иштешүүнү каалабайт:

- Мындай жетекчилер менен биз иштеше албайбыз. Алардын орду башка. Аларды кызмат эмес, мыйзам чегинде жооп бере турган кылып, алып барчу жерге алып барып, алар тийешелүү жерде отурушу керек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG